Toyota автоунаасы. Архивдик сүрөт

Эксперттер министрликтеги чуулуу жолтандабасты айдап Баткенди кыдырат

184
(жаңыланган 13:56 12.02.2019)
Дүйнөлүк банк Саламаттык сактоо министрлигине баасы 101 миң доллар турган Prado жана Highlander үлгүсүндөгү эки жолтандабас алып берген.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигиндеги чуу жараткан кымбат баалуу жолтандабас өкмөттүн автобазасынан чыгарылды. Бул туурасында аталган министрликтин Коомдук кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, автоунаа кайра Саламатык сактоо министрлигинин автобазасына кайтарылган. Ал унаа менен эксперттер Баткен облусуна барышат.

"Машинаны бүгүн алдык. Эми "Натыйжага карата каржылоо" долбоорунун алкагында эксперттер ушул жолтандабас менен 23-февралга чейин региондорду кыдырып келишет. Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кызыл-Кыя, Кулунду райондоруна жана Жалал-Абаддын Чаткал районуна барышат", — деди Жумабаева.

Ошондой эле ал "Натыйжага карата каржылоо" деген программа ушул жылдын май айында соңуна чыгып, унаа министрликтин балансында каларын кошумчалады. Андан кийин ким айдары азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк долбоордун негизинде Саламаттык сактоо министрлигине баасы 101 миң доллар турган Prado жана Highlander үлгүсүндөгү эки жолтандабас алып берген. Алгач бул тууралуу депутат Аида Исмаилова кеп козгоп, ал унааларды министр Космосбек Чолпонбаев менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун директору Айбек Калиев айдап жүргөнүн айтып чыккан.

Бирок министр ал жолтандабастар долбоор менен иштеген эксперттердин региондорго чыгышы үчүн алынганын билдирген. Ага карабай аткаминердин дарегине кескин сындар айтылууда. Ошончо каражатка тез жардам унааларын алса болбойт беле деген суроо жаралган.

Кийинчерээк Чолпонбаев: "Бир унааны аймактарга мониторинг жүргүзүү үчүн Таласка жиберип, экинчисин өкмөткө өткөрүп бердик. Анын ордуна тез жардам унаасын же керектүү машиналарды алсак деп сүйлөшүп жатабыз",- деп айткан.

184
Белгилер:
жол тандабас, Нурхан Жумабаева, Космосбек Чолпонбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
Улуттук онкология борборуна жаңы жабдуулар алынат. Тизме