Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: эми баланы 1-класска киргизүүдө мектеп акча сурай албайт

© Sputnik / Асель Акматалиева"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов
Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов аталган долбоордун негизги максаты коррупцияны жок кылуу экенин айтты.
Аматов: эми баланы 1-класска киргизүүдө мектеп акча сурай албайт

Мындан ары баланы 1-класска киргизүүдө мектеп акча сурай албайт. Бул тууралуу Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 15-февралдин тарта мектептин босогосун аттай турган балдардын ата-энелери www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип каттоодон өтүшү керек.

"Аталган сайттын дизайнын жеңил, жөнөкөй элементтер менен жасап чыктык. Бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болду. Алгач ата-эне өзү тууралуу, андан кийинки баскычта баласынын өздүк маалыматын жазыш керек. Каттоо 15-февралда башталып, 15-майда бүтөт. Бул система иреттүүлүктү алып келет. Анын башкы максаты — коррупцияны жок кылуу. Мындай каттоо менен мектеп директору же анда иштеген мугалимдер акча бергендердин же таанышынын балдарын 1-класска ала албай калат", — деди Аматов.

Ал мектеп директору кийинки кезекте кайсы адам турганын биле албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0