Тарых музейинин алдындагы өрт кызматкерлери. Архивдик сүрөт

ӨКМ эртең Тарых музейиндеги "өрттү өчүрөт"

392
(жаңыланган 18:45 12.02.2019)
Машыгуу саат 15:00дө башталып, ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн жеке курамы катышат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 13-февралда, Мамлекеттик тарых музейинде өрт-техникалык машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, машыгуу саат 15:00дө башталып, ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн жеке курамы катышат.

Иш-чарага аскер техникасы менен издөө-куткаруу отряддары да тартылат.

392
Белгилер:
Мамлекеттик тарых музейи, машыгуу, ӨКМ, Бишкек
Тема боюнча
Окуучулар менен студенттер өрт өчүрүүгө жардам бермей болду
Бишкекте үй өрттөнүп, үч наристе түтүнгө ууланды