"Коопсуз шаар": эреже бузгандарга 12-февралдан тарта айып салынат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолдогу камералар. Архив
Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мониторинг борборунун башчысы WhatsApp тайпаларда тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын эскертти.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Эреже бузганы камерага түшүп калган айдоочуга 12-февралдан тарта айып салына баштайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин мониторинг борборунун башчысы Гүлмира Баратова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Учурда WhatsApp тайпаларында "камералар 12-февралдан тарта иштегени менен айып пулдар 1-марттан тарта салына баштайт, башкача айтканда, 12-февралдан 1-мартка чейин бузулган эрежелерге айып салынбайт" деген билдирүү тарап жатат.

Баратова мындай билдирүү чындыкка дал келбей турганын баса белгиледи.

"Сынамык режим аяктаган. Айып пулдар 12-февралдан тарта салына баштайт. Көнөлү деп жүрө берсек, долбоор ишке ашпайт", — деди ал.

Эске салсак, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине жана аймактарга коюлган 17 камера иштей баштаган. Алар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Жол эрежесин бузганы үчүн эң чоң айып пулдун көлөмү 23 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0