Абак. Архив

Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов түрмөдөн чыкты

262
(жаңыланган 09:51 13.02.2019)
Соттолгондордун иши жаңы кодекстердин алкагында кайрадан каралган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Өлкөдөгү бийликти күч менен басып алууга шектелип соттолгон оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кадыров менен Асанов Жогорку соттун мунапыс берүү жөнүндөгү токтому боюнча эркиндикке чыккан.

Аларга козголгон кылмыш иштери жаңы кодекстердин алкагында кайра каралып, эркиндигинен 4 жыл 9 айга ажыратуу каралган болчу. Ошентип 2019-жылы 12-февралда аталган жарандар мунапыстын негизинде Молдовановка айылындагы №27 абактан саат 18:10до чыгарылган.

Белгилей кетсек, оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду УКМК кызматкерлери 2016-жылы 24-мартта кармап кетишкен. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Алардын абактагы бир күнү эки күн деп эсептелген.

262
Белгилер:
Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров
Тема боюнча
Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча күбөлөргө тергөө басым жасадыбы? ИИМдин жообу