Камералар бир күндө 9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу

Жазылуу
Кайсы жол эрежеси көбүрөөк бузулганы айтылды.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаган бир сутканын ичинде 878 миң сомдук 761 эреже бузуу катталган. Бул тууралуу Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган борборго барып, ишин көрдү.

Буга чейин социалдык тармакта сүрөт жарыяланып, анда 9,5 миллион сомдук айып катталганы көрүнүп турат.

© Фото / рассылаемое в социальных сетях и мессенджерахСоциалдык тармакта сүрөт жарыяланып, анда 9,5 миллион сомдук айып катталганы көрүнүп турат
Камералар бир күндө  9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу - Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакта сүрөт жарыяланып, анда 9,5 миллион сомдук айып катталганы көрүнүп турат

Баратова айдоочулар баарынан көп жол белгилеринин талаптарын(565 ирет) бузганын, ал эми эң азы каршы тилкеге чыгуу (2 жолу) болгонун айтып берди. 62 айдоочу стоп-линиядан ашыра токтогон.

© Sputnik / Эламан КарымшаковБаратова айдоочулар баарынан көп жол белгилеринин талаптарын(565 ирет) бузганын, ал эми эң азы каршы тилкеге чыгуу (2 жолу) болгонун айтып берди
Камералар бир күндө  9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу - Sputnik Кыргызстан
Баратова айдоочулар баарынан көп жол белгилеринин талаптарын(565 ирет) бузганын, ал эми эң азы каршы тилкеге чыгуу (2 жолу) болгонун айтып берди

"Мунун баары эреже бузуу кескин кыскарганын айгинелеп турат. Жалпысынан 878 миң сомдук айып катталды. Азырынча акча алына элек. Протокол иштелип чыккандан кийин баары белгилүү болот", — деди ал.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" 12-февралдан тарта иштей баштады. Камералар Бишкектин 10 кесилишине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0