Өкмөт эртең ТЭЦтеги авариянын териштирилиши боюнча маалымат берет

Жазылуу
Мындай чечимге 78 депутат макул болсо, 1 депутат каршы чыкты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш эртең, 14-февралдагы жыйынында ар кандай маселелерди кароонун ордуна ТЭЦтеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету менен өкмөттүн маалыматын угат.

Мындай чечимди депутаттар 13-февралдагы жалпы жыйында кабыл алып, ага 78 депутат макул болсо, 1 депутат каршы чыкты.

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦти оңдоо боюнча коррупцияга айыпталган 8 кишинин иши сотко өттү

Парламенттин 14-февралдагы жыйынында биринчи маселе болуп 2018-жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ТЭЦин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү токтому менен анын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы талкууланат.

Төрага Дастан Жумабеков учурда ТЭЦтеги аварияга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн айтып, маалыматты угуу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 2018-жылы 26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, абал дээрлик бир жумадан кийин жөнгө салынган. Анын кесепетинен Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз калып, бир катар мамлекеттик жетекчилер кармалып, кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0