Айыл чарба министри картошканы сатуу үчүн Өзбекстанга сүйлөшүүгө кетти

Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 71 миң тоннага жакын картошка калды.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев картошканы Өзбекстанга сатып өткөрүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө кетти. Бул тууралуу министрдин орун басары Жаныбек Керималиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Керималиев ошондой эле министрликтин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 71 миң тоннага жакын картошка калганын кошумчалады.

"Ошону жаз бүткөнчө өткөрүп бергенге аракет кылабыз", — деди ал.

Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Ойго да келбейт! Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү
Министрдин орун басары учурда аймактарда түшүндүрүү жана окутуу иштери жүрүп, дыйкандарга кайсы өсүмдүктү себүү керектиги айтылып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин дыйкандар картошканын баасы бир топ эле арзандап кеткенин айтып, нааразычылыктарын билдиришкен. Айыл чарба министрлиги буга чейин да коңшу Өзбекстанга картошка сатылат деп элди ишендиргени менен андан майнап чыккан эмес. Учурда айрым жерлерде картошканын баасы 4-5 сом болуп жатканын дыйкандар өздөрү билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0