Айып тууралуу билдирүү айдоочуга качан кантип келет? Түшүндүрмө

© Sputnik / Нурис АлымбаевЦентр мониторинга ГЧП "Безопасный город" ГУОБДД КР
Центр мониторинга ГЧП Безопасный город  ГУОБДД КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада айып төлөй турган айдоочуга жеңилдик караган мыйзам кабыл алынат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жол эрежесин бузган айдоочу айыпка жыгылганы тууралуу билдирүүнү колуна алгандан кийин акчасын төлөй алат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Рысканов журналисттерге түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, билдирүүлөрдү жеткирүүгө почта даяр.

Рысканов протоколду иштеп чыгууга 10 сутка, токтомду айдоочуга жеткирүүгө 3 күн кетери айтылды. Аны колуна алгандан кийин айдоочу айыбын төлөй алат.

"Ушу тапта токтомду колуна алгандан кийин 15 күндүн ичинде айыбын төлөгөн айдоочуга 50 пайыздык арзандатуу каралган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мисалы, эгер айып пул 1000 сом болсо, алгачкы 15 күн ичинде айыбынан кутулам деген айдоочу 500 сом төлөп калат", — деди Рысканов.

Ответы на вопросы о Безопасном городе — видео из центра мониторинга ГУОБДД - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" тууралуу суроолорго жооп. Мониторинг борборунан видео

Эгер эреже бузган киши бир айдын ичинде айып пулун төлөбөсө, туум эсептеле баштайт.

"Айдоочу акча төлөөдөн баш тартса, биз сот аркылуу мажбурлап төлөтүүгө аргасыз болобуз. Ал учурда унаа айып короодо болот. Андан кийин да төлөбөй турган болсо, мүлкү камакка алынат", — деди Рысканов.

Эскерте кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Камералар Бишкектин 10 көчөсүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0