Жолдон өтүп бараткан кыз. Архив

"Коопсуз шаар": эреже бузган жөө адамдарга камерасыз эле айып тагылат

358
(жаңыланган 11:13 13.02.2019)
Жолду туура эмес жерден өтүп эреже бузгандарга 1000 сом айып пул каралган.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкекте жолду туура эмес жерден өтүп эреже бузган жөө кишилер жол инспекторлору тарабынан айыпка жыгыла турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына ИИМдин ЖКККББ жетекчисинин орун басары Нур Рысканов билдирди.

Анын айтымында, жолдун туура эмес жеринен өтүп жара жаткан адамдарга 1000 сом айып пул каралган.

"Камера эреже бузунун жети түрүн каттайт, бирок анда жөө кишилер эсепке алынган эмес. Көзөмөл кылып жаткандарга электрондук планшет берүү каралып жатат. Кызматкерлер планшет аркылуу иш ордунан эле жарандар тууралуу маалымат алса болот. Азыр бардыгы иштелип бүтүп калды. Айып тууралуу токтом жазылышы керек. Бирок бул адамдык фактор болот", — деди Рысканов.

Эгер эреже бузган адам айыпты төлөбөсө, иши сотко өтөт.

358
Белгилер:
айып, жол эрежеси, ЖКККББ, ИИМ
Тема боюнча
Камералар бир күндө 9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу
Айып тууралуу билдирүү айдоочуга качан кантип келет? Түшүндүрмө