Ишсиз отурасызбы? Туристтик милицияга кызматкерлер алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристтик милиция кызматкерлери. Архив
Туристтик милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШИИББ талапкерлерге болгон негизги талаптарын жарыялады.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Туристтик милицияга инспекторлорду кабыл алат. Бул тууралуу ШИИББден кабарлашты.

Талапкерлерге болгон негизги талаптар:

— Жогорку билим;

— 35 жашка чейинки курак;

— Өзү жана туугандары соттолбогон болушу керек;

— Эркектердин бою 170 сантиметр, кыз-келиндердики 168 сантиметрден ылдый болбошу керек;

— Чет тилдерди билүү зарылдыгы (англис тилине артыкчылык берилет);

— Аскердик билет.

Кызыккан суроолоруңуз болсо Бишкек ШИИББдин Токтогул, 64а дарегине же (0554) 102-423, (0550) 62-11-02 номерлерине кайрылыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0