Борбор Азия мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

Борбордук Азия үчүн бирдиктүү виза киргизилет

128
(жаңыланган 13:15 13.02.2019)

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан үчүн бирдиктүү туристтик виза киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Руслан Казакбаев ЖМКларга Борбор Азия үчүн виза киргизилиши мүмкүн деген маалымат чыгып кеткенин айтып, ошонун учурдагы абалына кызыкты.

Омокеевдин айтымында, демилге Казакстан менен Өзбекстанга таандык. Учурда Кыргызстан ошол демилгеге кошулуу боюнча аракеттерди көрүп, керектүү документтерди изилдөөдө.

"Казакстан менен Өзбекстан ушундай виза киргизип жатат. Казакстанга виза алган киши Өзбекстанга кире алат. Биз ошого кошулуп жатабыз", — деди Омокеев.

Депутаттар бүгүн "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

128
Белгилер:
туризм, виза, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
The Guardian туристтер үчүн түзгөн тизмесине Кыргызстанды да киргизди