Борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу улантылып жаткан

Бишкектин көчөлөрүнө диоддук чырактар орнотулат

75
(жаңыланган 09:15 14.02.2019)
Ушул жылдын биринчи кварталында 1500 жаңы диоддук чыракты орнотуу пландаштырылууда.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу улантылып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында 1500 диоддук жаңы чыракты орнотуу пландаштырылууда.

"Жакын арада Касым, Эне-Сай жаңы конуштарына, Түштүк-2, Учкун жана Чыгыш-5 кичирайондорунун көчөлөрүнө жарык киргизилет. Касым жаңы конушундагы Кубаныч, Салтанат, Илим көчөлөрүнө 102 диоддук чырак орнотуу пландалса, Түштүк-2 кичирайонуна 35, ТЭЦтин аймагына 33 чырак коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Электр энергиясын үнөмдөгөн лампалар орнотула турган 60 көчөнүн тизмеси мэриянын расмий сайтында толук жазылган.

75
Белгилер:
жарык берүү, жол чырак, Бишкек
Тема боюнча
Маанайды көтөрөт го! Уркуя Салиева сквери жаңыланды
Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат