Китеп. Архивдик сүрөт

Бүгүн китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү

180
(жаңыланган 10:15 14.02.2019)
Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Аны АКШдагы балдар китеби боюнча сайттын негиздөөчүсү Эмми Бродмур демилгелеген.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү. Бул майрамдын урматына Кыргызстандагы Россия кызматташтык өкүлчүлүгү менен Бишкектеги Москва үйү Улутук китепканага бир топ китеп белек кылат. Бул тууралуу башкы китепкананын маалымат кызматы кабарлады.

"Россия искусствосу менен живописинин өнүгүшүнө арналып басылып чыккан, мыкты сапатта жасалгаланган китептер Улуттук китепкананын фондусуна соң салым болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Китепти белекке берүүнүн эл аралык күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Аны АКШдагы балдар китеби боюнча сайттын негиздөөчүсү Эмми Бродмур демилгелеген.

180
Белгилер:
белек, Улуттук китепкана, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Патефон, 119 жыл мурда чыккан гезит. Сузактык мугалимдин жеке музейиндеги кызыктар