Сөөгү Караколдун мал базарынан табылган окуучу. Беш бала камакка алынды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор № 2 "Бутырская тюрьма"
Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алам өлтүрүү фактысы боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Каракол шаарында окуучунун өлүмүнө шектелип жашы жете элек беш бала камалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Эске салсак, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан шейшемби күнү эртең менен табылган. Кийин кылмышка шектүү катары сегиз бала кармалган.

Шаршемби күнү Каракол шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап, жашы жете элек беш баланы камакка алуу чечимин кабыл алды.

"Алардын ичинен үчөө 17 жашта болсо, экөө 16да. 17 жаштагылар эки айга, 16 жаштагылар бир айга убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 14-февраль күнү, сот дагы үч баланын баш коргоо чарасын карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0