Жер титирөөнүн күчүн ченөө. Архив

Эртең менен өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

211
(жаңыланган 10:23 14.02.2019)
Жер титирөө 14-февраль күнү эртең мененки саат 06.28де Талдык айылынын түштүк-батышынан үч чакырым, Папан айылынан 17 чакырым алыс жерде катталды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош облусунда жер силкинип, очогундагы күчү төрт баллга жеткенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө 14-февраль күнү таңкы саат 06.28де Талдык айылынын түштүк-батышынан үч чакырым, Папан айылынан 17 чакырым алыс жерде катталды.

Жер силкинүүнүн күчү Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында — 4 баллга, Папан, Алга-Бас, Кара-Шоро, Боз-Караган, Кызыл-Туу, Алчалы, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарында — 3,5 баллга, Гүлчө, Таш-Короо, Чайчи, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Кара-Сөгөт, Лангар, Кызыл-Коргон, Мурдаш айылдарында — 3 баллга жетти.

Жабыркагандар болгон жок.

211
Белгилер:
жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Алайкуу: жолду жаап калган көчкүнү жергиликтүүлөр кол менен тазалоодо. Видео
Сотрудники правоохранительных органов во время акции протеста в Минске

Минскиде милиция демонстранттарды борбордон сүрүп чыга баштады

58
(жаңыланган 01:25 12.08.2020)
Аскерлер желим октору бар куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен аларды колдоно элек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазды.

Оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалууда.

Аскерлер желим окторду атуучу куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен ал куралдарды колдоно элек. Азырынча калканына дубинканы чапкылоо менен чектелүүдө.

Метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкты. Анын атаандашы Светлана Тихановская 10,09 пайыз менен экинчи сапка чыккан.

Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан. Акция учурунда үч миңдей адам кармалып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга кылмыш иштери козголгон.

58
Белгилер:
акция, шайлоо, Митинг, Беларусь
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

50
Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы россиялык вакцина дүйнөдө алгачкылардан болуп каттоодон өткөнүн билдирди. Ал "Спутник V" деп аталды.

Президент белгилегендей, дары натыйжалуу жана туруктуу иммунитетти калыптандырат. Путин ошондой эле кыздарынын бири тажрыйба жүргүзүүгө катышып, COVID-19га каршы вакцина алганын билдирди. Кызы өзүн кандай сезип жатканын, коронавируска каршы эмдөө кимге жана кандай шартта жасаларын Россия лидери өкмөттүн жыйынында айтты.

50
Белгилер:
Владимир Путин, Россия, вакцина, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды