Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас Саматов аттуу фермер азыркыдай Айыл чарба министрлигинин пайдасы жок экенин айтты.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев агрардык секторду өнүктүрүү үчүн кандай иштер аткарылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда айтып берди.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри картошканы сатуу үчүн Өзбекстанга сүйлөшүүгө кетти
Иш-чарада "Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда. 2019-жылы эмне эгүү керек" деген теманын үстүндө талкуу жасашты.

Буга чейин фермер Манасбек Саматов ведомство начар иштеп жатканын, Кыргызстанда министрлердин орду сатыларын айтып чыккан. Ал ошондой эле соода- логистикалык борборлор менен айыл чарба техникалары моралдык жактан эскиргенин кошумчалады.

Бирок Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмдүн башчысы Анара Беккулиева фермердин акыркы айткандары суу кечпей турганын белгиледи.

"Мисалы, Сокулуктагы соода-логистикалык борбордо сакталган продукциянын 90 пайызы Москвага экспорттолот", — деди ал.

Түшүм жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элеттегилер 6 пайыздык насыяны кантип ала алат? Жол-жобосу

Ал эми Жумалиев соттун чечими жок туруп коорупция тууралуу айтуу туура эмес экенин эскертти.

"Учурда реформа керек, биз бул боюнча иштеп жатабыз. Советтик учурду унуткан оң, азыр рыноктук экономика", — деди Жумалиев.

Бөлүм башчы билдиргендей, фермерлерге маалымат жетишпей жаткандыктан түрдүү курстар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Жыл сайын айыл чарба техникасынын паркы 5-6 пайызга жаңыртылат", — деди Жумалиев.

Ал ошондой эле сапаттуу үрөндөрдү алып кирүүгө жеңилдиктер берилип, баалары төмөндөп жатканын кошумчалады.

"Биздеги көлөм менен, мисалы, Казакстанга атаандаш боло албайбыз. Биз органикалык продукцияны өнүктүрүшүбүз керек", — деп сөзүн улады Жумалиев.

Бөлүм башчы билдиргендей, негизги көйгөйлөрдүн бири — бул сертификаттын жоктугу. Көйгөйдү чечүү үчүн министрлик иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0