Өкмөт үч баласы истен ууланган бүлөгө акчалай жардам көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканагы наристе. Архивдик сүрөт
Ооруканагы наристе. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үч баласы истен ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 11-февраль күнү Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйдөн өрт чыгып, жалгыз калган үч наристе иске ууланып калган. Балдардын улуусу үч жаш тогуз ай, экинчиси эки жаш сегиз ай, үчүнчүсү бир жаш төрт айлык экени, үчөө тең эркек балдар экени айтылган.

Последствия урагана Жанна в Гаити - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүндө эки баласы менен өрттөнүп кеткен аял. Окуянын чоо-жайы
Бөбөктөр ушу тапта №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө. Башкы дарыгер Талантбек Өмүрбеков алардын абалы оор экенин билдирген.

Кырсык болгон күндүн эртеси вице-премьер Алтынай Өмүрбекова балдардан кабар алып келген.

Ушу тапта наристелерге оорукана кызматкерлери күнү-түнү кам көрүп жатышат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0