БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты.
Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.
"Тогуз жылдан ашык созулган афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендешибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Афган согушунда 248 кыргызстандык курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!" — деди Жээнбеков.
Ал 247 кыргызстандык СССРдин жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланып, эки жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыганын эске салды. Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбап кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.
Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша "афган" ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи.
Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.