Сүт ичип жаткан бала. Архив

Балага малдын сүтүн берүүгө болбойт! Педиатрдын пайдалуу маеги

4365
(жаңыланган 09:33 18.02.2019)
Ымыркайды туура эмизүү, торолгондо ага тамак берип баштоо жана эмчектен чыгаруу боюнча суроолорго Бишкектеги №3 бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дилара Искакова жооп берди.

Жогорудагы маселелер дайым айтылып келгени менен иш жүзүндө ар бир эне ката кетирет деп эсептейт дарыгер. Ал каталарга балага салмак кошкондон башка пайдасы жок ботко менен ичегиге сиңими жок малдын сүтүн берүү, эмчектеги сүттү токтотом деген энелердин дары-дармек колдонушу жана башка мисалдарды келтирди.

Педиатр Бишкекского ЦСМ №3 Дилара Искакова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги №3 бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дилара Искакова

Эмчек эмизүүнүн орду жана пайдасы

Ымыркай жарык дүйнөгө келери менен эмчек эмизебиз. Бул бала үчүн эң пайдалуу. Алгачкы күндөрү энеден ууз сүт бөлүнүп чыгат. Ал медицинада молозиво деп аталып, курамында иммунитетти көтөргөн витаминдер мол болот. Андан соң кадимки сүткө айланат. Эненин эмчеги толо сүт болуш үчүн көп эмизүү керек. Бир отурганда жарым саатка чейин эмизиши керек. Ымыркайдын жаагы талып кеткендиктен эс алып, уктап эмет. Анан бир эмчектеги сүттү толук берип туруп, экинчисине өткөн туура. Себеби эмчектин алдыңкы сүтү көк сүт, наристенин суусунун кандырат, ал эми арткы сүтү майга бай, коюу сүт болот. Күндүзү сегиз ирет, түнкүсүн төрт жолудан берүү зарыл. Жалпысынан алта айга чейин наристе күнүнө 12 ирет эмчек эмет.

Эмчек эмизүү, биринчиден экономикалык жактан арзан түшөт. Кээде айла жок кургак сүт сатып алганга туура келет эмеспи. Экинчиден оңой, идишке куюп жаныңда алып жүрбөйсүң, муздап калбайт, ар дайым жылуу болот, гигиеналык жактан таза. Эмчек эмизгенде гормондор бөлүнүп чыгып, бир топ оорулардан оолак кылат. Эмчек бездеринин жана жатын моюнчасынын шишигин да болтурбайт. Үчүнчүдөн, бала сүт эмгенде жаак сөөктөрү иштеп, туура өсүшүн шарттайт.

Көпчүлүк балага малдын сүтүн берип жүрөт, биз ага каршыбыз. Наристе эненин сүтүн, козу койдун сүтүн, музоо уйдукун ичиши керек. Себеби жаратылыш ушундай кылып тууралаган. Экинчиден, малдын сүтүнүн курамындагы май бүртүкчөлөрү өтө көп, ал сиңбей ичеги жарасын пайда кылат. Бара-бара аллергиялык ооруларды да чакырат.

Медицинада баланы энесинен башка аялга эмиздирүү сунушталбайт. Мындан 20 жыл мурда төрөт үйлөрүндө деле курсагы тойбой жаткан балдарды башка аялдын эмизүүсүнө уруксат берилчү. Азыр оорулардын алдын алуу максатында тыюу салганбыз.

Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандар же жумушу барлар кээде баланы убагында эмизе албай калышат. Ошол убакта сүт тартылып кетпеши үчүн саап койгон туура.

Педиатр Бишкекского ЦСМ №3 Дилара Искакова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Педиатр: бир жашка чейинки баланын тамагына туз жана кумшекер кошконго болбойт. Бул баланын табитин бузуп салат

Баланы тамактандыруу жана эмчектен чыгаруу

Бардык жакшы нерсе эненин сүтүнөн, күндүн нурунан дейт. Жогоруда айткандай, сүттүн курамында керектүү витаминдин баары камтылгандыктан, наристени алты айына чейин эмчек сүтү менен гана баккан туура. Андан кийин сүт менен кошо аздан тамакка көндүрүү керек. Биз энелерге буудай ак шагынан жасалган боткону (манная крупа) бербегиле, анын салмак кошкондон башка пайдасы жок деп айтып келебиз. Бул окумуштуулар тарабынан да изилденген. Ботконун ордуна картошканы аарчып, капуста, сабизди бышырып туурагычтан өткөрүп, кыскасы өзүңөр жеген тамактан берсеңер, балага көбүрөөк пайда алып келет. Анан бир жасаган тамакты кайра жылытып бергенге болбойт. Ортодо шам-шумга бананды, алма, быштакты эзип берүү керек.

Бир жашка чейинки баланын тамагына туз жана кумшекер кошконго болбойт. Бул баланын табитин бузуп салат. Ачуу-таттууга байланышкан ооруларды да чакырат. Ошол татымдардын ордуна жаңгак, күн караманын данын, өрүк, мейиз кошуп берсе болот. Жети айдан тарта балага эт берсе, анемиянын алдын алып, организмине темир топтолот. Балдар үчүн жасалган джем, йогурт, витаминдүү кошулмалардын бардыгы консервант. Андан көрө айран уютуп, ошого жемиш кошсоңуз йогурт болуп калат. Ата-энелерге кулак кагыш, кичинекей балдар эки жашка чейин жакшы багылса, кийин да ден соолугу чың болот.

Биз энелерди эки жашка чейин эмизгиле деп айтабыз. Андан кийин сүт өзү эле азая баштайт. Наристелер тамактанып калгандыктан эмчекти деле карабай калат. Табияттын мыйзамы ушундай.

Турмуштук себептерден улам айрымдар балдарын эртерээк эмчектен чыгарууну көздөп түрдүү ыкмаларды ойлоп таап алышкан. Сүт келбесин деп тамак ичпей коюшат, дары-дармек ичишет, баласын таштап убактылуу бир жакка кетет, эмчегине көө, калемпир сүйкөп коркутушат. Бала абдан сезгич. Стресске кабылтууга болбойт. Эмизүүнүн санын азайтып отуруп чыгарган эң туура. Маселен, күнүнө төрт ирет эмизсеңиз, эки жолудан бергенге өтүңүз. Эмчектен чыгарууга акырындык менен өтсөңүз, сизге дагы, балаңызга дагы жеңил болот.

4365
Белгилер:
маек, Сүт, эне, педиатр, медицина
Тема боюнча
Баласын тирүү алып калганым үчүн жек көрүшөт. Бишкектик педиатрдын маеги
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Толгоо келип, суу кетип жатат! Кош бойлуу каттоосу жок төрөтканага бара алабы?