Майып балдарды карагандар айлык ала баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда маянага жалпы жонунан 14 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Майып баланы караган 2556 адам жеке ассистент болуп айлык ала баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Эске салсак, 2019-жылдын январь айынан тарта майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнө башташы керек болчу.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Саида Асанбаева январда документин тапшыргандар февралдан тарта маяна аларын айткан.

"Январда документ тапшыргандарга төлөмдөр кетти. Азыркы учурда 2556 адам жеке ассистент болуп, аларга 14 миллиондон ашык каражат бөлүндү", — деди министрликтин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева.

Майып балдарды карагандарга берилчү айлыктын жол-жобосун кененирээк төмөнкү материалдан окуй аласыздар.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңдей майып болсо, алардын алты миңи каттоодо турган 18 жашка чейинки балдар. Алар туруктуу кароого муктаж. Ошондуктан так ушул алты миң баланын ата-энесине гана айлык төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0