Баланы 1-класска кезекке каттаган сайт иштебей жатат. IT-адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСайт электронной записи для поступления ребенка в первый класс
Сайт электронной записи для поступления ребенка в первый класс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн тарта "Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу" пилоттук долбоору иштеп баштады. Ансыз 1-класска бара турган бала мектепке кабыл алынбайт.

БИШКЕК, 15-фев.— Sputnik. Баланы 1-класска киргизүүдө электрондук кезекке туруу сайты иштебей жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кабарлады.

Буга чейин 15-февралдан тарта "Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу" пилоттук долбоору иштей турганы айтылган.

Бирок www.mektep.edu.gov.kg сайты учурда балдарды мектепке каттабай жатат. Жогорудагы даректен "сайт жакынкы саатта иштеп баштайт" деген жазууну көрүүгө болот. Сайтты иштеп чыккандардын бири, IT-адис Төлөгөн Наматовдун айтымында, электрондук каттоо эртең менен жакшы эле иштеп жаткан.

"Бүгүн бизге бир катар микроучастоктордун тизмеси келип түштү, аларсыз көпчүлүк жарандар өздөрүнүн дарегин таппай калышы мүмүкүн. Буга байланыштуу тизмени жаңылап жатабыз", — деди Наматов.

Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов - Sputnik Кыргызстан
Аматов: эми баланы 1-класска киргизүүдө мектеп акча сурай албайт
IT-адис сайтты жаңылоо иштери 20.00гө чейин уланарын кошумчалады.

"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу" — Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ уюму жана мэриянын билим берүү башкармалыгынын биргелешкен пилоттук долбоору. Анда 2019-2020-окуу жылынын башында Бишкек шаарынын мектептерине балдарын 1-класска бере турган ата-энелердин бардыгы милдеттүү түрдө электрондук кезекке турушу зарыл. Башкача айтканда, электрондук кезекке турбаган бала мектепке кабыл алынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0