Кыргызстан пахта экспорттогон өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургская бумажная фабрика АО "Гознак"
Санкт-Петербургская бумажная фабрика АО Гознак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда кайра иштетүү тармагы жакшы өнүкпөгөндүктөн, тагыраагы, пахта иштетүүчү бир гана ишкана болгондуктан бул продукция көбүнесе экспортко жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстан былтыр 2017-жылга караганда пахта экспортунун көлөмүн көбөйткөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда кайра иштетүү тармагы жакшы өнүкпөгөндүктөн, тагыраагы, пахта иштетүүчү бир гана ишкана болгондуктан бул продукция көбүнесе экспортко жөнөтүлөт.

"2017-жылы жалпысынан 16 миң 100 тонна пахта эскпорттолсо, былтыр бул көрсөткүч 23 миң 200 тоннага жетти. Ири импортчу Россия, ал жакка 10 миң 500 тонна алат. Түркияга 8 миң тоннага жакын ак алтын жөнөтөбүз. Мындан тышкары, кыргыз пахтасы Германияга, Бангладешке, Кытайга жана Латвияга жиберилет", — деди Беккулиева.

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга быйыл эгүүнү сунуштаган өсүмдүктөрдүн ичинде пахта дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0