Баласын кучактап турган аял. Архив

Кайын журтума эки күйөөдөн чыкканымды кантип айтам? Жаш келиндин каты

6958
(жаңыланган 09:57 17.02.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышына эки турмуштан жолу болбой үчүнчүсүн баштаган келиндин каты жарыяланмакчы.

Башыман өткөн окуяларды башынан баяндап берейин.

Окуучу кезде турмушка кеч чыгам, жакшы жумушка иштеп анан күйөөгө тием деп кыялданчумун. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, жогорку окуу жайга өз күчүм менен өттүм. Жигит менен деле көп сүйлөшчү эмесмин. Ал учурда ала качып үйлөнгөндөр көп эле болчу. 2-курста бейтааныш бала ала качып кетти. Көрсө тууган-тааныштардан мен тууралуу угуп-билип алышыптыр. Ал бала менен кездешкен да эмесмин. Ата-энемди алыстан билген кишилер экен, аларды бал тилге салып макул кылып коюшту. Бардар жерге бардым. Бирок такыр көнө албай койдум. Күйөөмө да бой салбай койдум окшойт. Ал дагы бой көтөргөн, менден бир топ жаш улуу жигит болчу. Бир жылга жетпей, курсактагы балага карабай ажырашып кеттик. Ата-энем жаш болгондуктан төрөөрүм менен баланы өздөрүнө каттатып багып алышты. Мен болсо окуумду улантып кеттим. Эки жылдан кийин бир жигит менен сүйлөшүп калдым. Күйөөгө тийип чыкканымды айтсам болбой колумду сурап, артыман ээрчип жүрүп акыры үйлөндүк. Башында "алтыным" деп айланчыктап жаныман чыкчу эмес. Бул сапаты кайненеме жакпай калды көрүнөт, баласын кызганып майда-барат нерседен ызы-чуу чыгара баштады. Ар кимге "күйөөдөн чыккан" деп жамандап, жанымды койбой койду. Турмушка чыккан кезде жаңыдан жумушка орношуп жаткам. Иштеп баштаганда кайненем күйөөмө "аялың кечке жумушта жүрөт, сага көңүл бурбайт, таап алган бирөөсү бар" деп жамандап атып, акыры жолдошум ичип мага кол көтөрө баштады.

Балалуу боло элек болчубуз. Жолдошума бөлүнүп жашоону сунуштадым. Башка деле балдары бар болчу, бирок кайненем эмнегедир "силер менен жашайм" деп туруп алды. Кайненем экөөбүздүн мамилебизден күйөөм да тажады көрүнөт, аны менен да ажыраштым. Айтор, күйөөдөн мага бак айтпады.

Баш-отум менен иштеп жумуштан жакшы ийгиликтерге жете баштадым. Азыр мамлекеттик мекемеде иштейм. Эки күйөөм тең артыман кайра келген жок. Биринчиси мен кеткенде эле үйлөнүп алганын уккам. Экинчисинен кабар жок. Кыргызда "кыздын чырагы кырк" деген жакшы кеп бар. Жакында эле кайра турмуш жолуна аттандым. Муну коомго ачыкка чыгаруудан дагы уялдым. Бирок тагдыр экен да. Ал да ажырашкан, бир баласы бар. Жылдызыбыз келишип баш коштук. Баласы өзүндө экен, азыр чогуу тарбиялап жатабыз. Кайын журтум, кайненем дагы жакшы кабыл алышты. Бирок алар эки күйөөдөн чыкканымды билишпейт. Жолдошум билет, кайын журтума бир турмуштан жолум болбой калганын эле айткам.

Мени түйшөлткөн маселе да ушул болуп жатат. Кайын журтума эки күйөөгө тийгенимди айтсамбы же унчукпай эле койсомбу? Бирок корком, уялам. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, балалуу болуудан дагы кооптонуп жүрөм. Баса, азыр жашым 30дан ашып калды. Жолдошум өзүмөн беш жаш улуу.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Адам өзүн эч качан күнөөлөбөш керек. "Азыркы жолдошум бир эле жолу ажырашкан, мен эки күйөөдөн чыккам" деп басым жасай берсе, мурунку турмуш кайра кайталанып калышы ыктымал. Ошондуктан ыгы келбесе, кайын журтуна унчукпай эле койсун. Басынбашы керек. Кыздын чырагы кырк. Эгерде бул күйөөсүн чындап жакшы көрүп "ысык-суугуна чыдап жашайм" десе биринчи, экинчи күйөөсүн эстебей, жашоону жаңы барактан баштаганы оң.

Маңдайга жазганды баары көрөт. Бир эмес, беш бала менен деле күйөөгө тийип жатышпайбы. Жолдошу экөөнүн мамилеси жакшы болсо, кайненеси жактырса, жыргап жашай берсин.

Турмуш кургандан кийин баланын зыяны тийбейт. Жашы да келип калыптыр. Карьера, жумуштан дагы үй-бүлөнү биринчи орунга койгону дурус. "Мындай болсо кандай болот" деген жаман нерсе аң-сезимге сиңип калса, ошол көрүнүш кайра кайталана берет. Ошондуктан мурунку жашоосун унутсун.

Биринчи анан экинчи турмушум деп саноонун кажети жок. Кайненеси чындап түшүнүктүү болсо, аны деле сурабайт. Кокус билип калса, кылмыш кылган жок да, түшүндүрүп айтса болот.

Андан көрө азыркы күйөөсү менен мамилеси бекем болушу үчүн болгон аракетти көргөнү жакшы. Мамилени көп учурда бала бекемдейт. Ошондуктан балалуу болуп, өткөн ишти эстебей, азыркы жашоосунан ырахат алып жашасын.

6958
Белгилер:
психолог, турмуш, күйөө, келин
Тема:
Психолог менен баарлашуу (164)
Тема боюнча
Күйөөмдүн башкадан баласы бар экен... Согончогу канабаган аялдын каты
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры
Баткен облусундагы фотокапканга түшүп калган ак илбирстер

Ак илбирс, чүткөр, түлкү… Баткенде фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү

85
(жаңыланган 14:59 17.09.2021)
Кыргызстандын түштүк аймагындагы эки жаратылыш коругундагы жаныбарларды 40тан ашык фотокапкан тогуз ай бою сүрөткө тарткан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.

  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Снежный барс запечатлен на фотоловушке в одном из заповедников в Баткенской области
    Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысята попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Рысь попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Сурки попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горные козлы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Каменная куница попала на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кабан попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Горностай попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 66 194 гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклик попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    "Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Кеклики попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Анын аянты — 40 миң гектар.
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Волк попал на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган карышкыр
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
  • Дикобразы попали на фотоловушку в одном из заповедников в Баткенской области
    Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган кирпи
    © Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
1 / 15
© Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган.
"20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду", — деди Эсенбаева.

Ал белгилегендей, 2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.

"Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган", — деди Эсенбаева.

NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.

"Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Ак илбирс байырлаган аймак өнөктөш жаратылыш уюмдары менен биргеликте изилденип жатат. Биздин негизги максат — Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин санын аныктоо", — деди Асыкулов.

"Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 66 194 гектар.

"Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 40 миң гектар.

85
Белгилер:
Кыргызстан, жаратылыш, ак илбирс, фотокапкан, Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU)
Тема боюнча
Айнектей болгон осьминог. Сейрек жаныбардын Тынч океандан тартылган видеосу
Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив

Ишкер сабалып... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына байланыштуу иш кыскарды

34
(жаңыланган 14:54 17.09.2021)
Жазында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров ишкер Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

ОШ, 17-сент. – Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн ишкерди сабагандыгы боюнча иш "тиешелүү далилдер жок" деген жүйө менен кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш толук кыскартылган.

"Тергөөчүлөрдүн бизге берген маалыматына ылайык, аталган кылмыш ишке тиешелүү далилдер табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 12-мартында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров калаада ишкерлик менен алектенген 39 жаштагы Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

Арыздануучу Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров жанындагы кишилер менен бирге аны сабап кеткендигин билдирген. Факт Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Жабырлануучу Нурматовдун айтымында, ушул жылдын 12-мартында Абакиров аны төрт шериги менен кошо эч себепсиз сабаган. Окуя калаадагы кийим саткан дүкөндө болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Абакиров бул экспертизанын жыйынтыгына да нааразы болуп, комиссиялык жана комплекстүү экспертизага кайрадан өтүнүч келтиргенин маалымдаган.

Абакиров 29 жашта. Буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык "Жапалак" автоунаа базарынын директору болуп иштеген. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Күрөш боюнча спорт чебери. Эрежесиз эр таймаш боюнча мелдештерге катышкан. 2020-жылы апрелде Ош шаардык кеңешине "Биримдик" партиясынан ат салышкан. Ал Юстиция министрлигинин базасында "Аттила" спорттук клубунун жетекчиси жана түзүүчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

34
Белгилер:
спорт, комитет, сабоо, милиция, иш
Тема боюнча
Бишкек: түнкү барда массалык мушташ болуп, төртөө кармалды
Председатель КНР Си Цзиньпин слушает премьер-министра Японии Синдзо Абэ во время встречи в Большом Народном зале в Пекине. 23 декабря 2019 года

Си Цзиньпин: Кытай ШКУ өлкөлөрүнө жакырчылыктан чыгуу жолдорун көрсөтүүгө даяр

0
(жаңыланган 16:14 17.09.2021)
Ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыкты жеңгенин жар салган. Эми Кытай бул тажрыйбаны башкалар менен бөлүшүүнү көздөп жатат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кытай Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жарандарына жакырчылык менен күрөшүү боюнча билим алуу үчүн 1 000 квота берет. Бул тууралуу өлкө башчысы Си Цзиньпин Душанбе шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтканын РИА Новости жазды.

"Алдыдагы үч жыл ичинде Кытай ШКУга мүчө мамлекеттерге 1 000 квота берүүгө даяр. Ага илинген балдар жакырчылыктан чыгуунун жолун издеген кесиптер боюнча билим алат", — деп айтылат кабарда.

Ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыкты жеңгенин жар салган. Акыркы сегиз жыл ичинде коңшу өлкөдө 100 миллиондой адам итке минген абалдан чыгарылган. Мунун аркасы менен Кытай БУУнун жашоону жакшыртуу программасына ылайык алдыга коюлган максатка жеткен.

ШКУ — 2021-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Ага Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кирет.

0
Белгилер:
Кытай, ШКУ, жакырчылык, квота, билим берүү
Тема боюнча
ЖМК: Си Цзиньпин Байдендин жолугушуу тууралуу сунушун кабыл албай койду
Байден: Си Цзиньпин Кытай Америкага 15 жылда ээлик кыларына ишенүүдө
Си Цзиньпин кесиптеши Садыр Жапаровду Кытайга чакырды