Депрессиянын мээге тийгизген таасири айтылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБейтапты көрөүп жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты көрөүп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альцгеймер дартынын өрчүшүн да шарттайт.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. АКШнын Йель университетинин окумуштуулары депрессия адамдын мээсинин иштөөсүн начарлатып, анын тез картаюусуна алып келерин аныкташты. Андан сырткары, Альцгеймер дартынын өрчүшүн да шарттай турганын MedicalXpress басылмасы жазды.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер депрессиядан кантип арылат? Жашоодон сынган мырзалар ой бөлүшөт
Окумуштуулар изилдөөдө адамдын мээсин сканерлеп, ага концентрат катары радиоактивдүү затты колдонушкан. Позитрондук-эмиссиондук томография учурунда радиоактивдүү заттан нур чыгып, мээдеги нейрондордун байланышы көрүнөт.

Анын жыйынтыгында депрессияга кабылган бейтаптар өздөрү курактууларга караганда мээсиндеги нейрондордун байланышы жакшы болбогону аныкталган.

Андыктан окумуштуулар депрессия борбордук нерв системасынын эрте картаюусуна алып келет деген жыйынтыкка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0