Жарашыктуу кийине билүү үчүн бир эрежени сакташ керек. Стилист менен маек

© Фото / Виктория БарСтилист Гулзат Орчунова
Стилист Гулзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Гүлзат Орчунова өзүнө-өзү кардар. Башкача айтканда, өзү кийим тигип, өзү гана киет. Башкалардан тапшырык албайт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги стилист Гүлзат Орчунова менен бишкектиктердин кийинүү стили жана ийгиликке жетүүдөгү кыйынчылыктары тууралуу маек курду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСтилист Гүлзат Орчунова: Кийим тигүүнү абдан жакшы көрөм, колум кычышып турат. Баламды коляскага салып алып, кездеме саткан дүкөндөрдү кыдырып, жаккан материалдарды үйгө алып келе берем. Атайын маникен алып койгом.
Стилист Гулзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Стилист Гүлзат Орчунова: Кийим тигүүнү абдан жакшы көрөм, колум кычышып турат. Баламды коляскага салып алып, кездеме саткан дүкөндөрдү кыдырып, жаккан материалдарды үйгө алып келе берем. Атайын маникен алып койгом.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен 1988-жылы Токтогул районунда төрөлгөм. Беш жашымда Бишкекке көчүп келип, ушул жакта окуп калдым. Биринчи билимим боюнча дизайнермин. Бул аздык кыларын билип, кошумча курстарга барып, көптөгөн мода жаатындагы китептерди окучумун. Акчам жетсе ал окуу куралдарын сатып алып, жетпей калса керектүү маалыматтарды сүрөткө тартып же кагазга түшүрүп алчумун. Андан кийин билимимди тереңдетүү максатында стиль жаатында Алматыда сабак алдым. Кийим тигүүнү абдан жакшы көрөм, колум кычышып турат. Баламды коляскага салып алып, кездеме саткан дүкөндөрдү кыдырып, жаккан материалдарды үйгө алып келе берем. Атайын маникен алып койгом. Ага өзүмө ылайыктап тигип, кийип алам. Дүкөндөрдөн өзүң каалагандай кийим таба албай калышың мүмкүн. Мисалы, тигилиши жакса, түсү жакпай калышы ыктымал. Ошондуктан мода багытындагы журналдардан, телевизордон байкап, жаңыча образ менен тигүүгө аракет жасайм. Бирок башкалардан тапшырык албайм.

— Эмне үчүн?

— Өзүмө-өзүм кардар болгон жагат. Эгер бир жери жакпай кала турган болсо, өзүмдү-өзүм уруша албайм дегендей. Башка кардарлар акча төлөгөндөн соң көңүлүнө төп келбей калса айтышат. Андан көрө стилист болуп, айымдарга кийим тандоодо кеңеш айтып жардам берип келем. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ❤ Стилист, дизайнер Бишкек (@gulzat_orchunova) 26 Авг 2018 в 5:34 PDT

— Кайрылгандар көп элеби?

Общественный деятель, актриса Айжан Акылбекова - Sputnik Кыргызстан
Айжан Акылбекова: тилекке каршы, үч уулум тең саясатка кызыгат
— Чынын айтсам, адамдарга стиль жаатында жол көрсөтүп чет мамлекеттерде иштесе болот. Бизде бул тармак өнүгө элек. Кыргыз тилдүү стилисттерден жалгыз болуп калып жатат окшойм, көп учурда телепрограммаларга, радиоэфирлерге чакырышат. Эксперт катары барып, кеп-кеңештеримди айтып турам. Шаардыктар кийингенине эми-эми гана өңүл бура баштады десем жаңылышпайм. Негизи ички дүйнө менен сырткы көрүнүш бири-бирине туура келсе, гармония пайда болот. Ошол нерсеге жараша адамга баа берилет. Албетте, менталитетти да эске алуу зарыл. Бирок тыюу сала берүү да адамдын өзүн-өзү чектөөсүнө, өзүнө болгон ишениминин азайышына алып келет. Айрымдардын алган тарбиясы катуу болгондуктан "эл эмне дейт" деген комплекстерден арыла албай келишет.

— Өзгөчө кыздар турмушка чыккандан кийин үй оокат менен алек болуп, көп учурда өз каалоолорунан баш тартышат. Мындан кантип арылса болот деп ойлойсуз?

— Аял өзүн-өзү баалаганды билиши шарт. Өзүнө кандай мамиле жасаса, айланасындагылар да ага ошондой мамиле кылат. Аялзатынын аң-сезими ар кандай. Айрымдар күйөөгө тийсем жолдошум карайт деп ойлойт. Менимче, бул туура эмес ой жүгүртүү. Биринчиден, жолдошу менен мамилеси түбөлүк болоруна кепилдик жок, экинчиден, баланын түйшүгү баары бир атага эмес, энеге жүктөлөт. Андыктан аял өзүн жакшы карап, өзүн өнүктүрүүнү токтотпошу керек. Моралдык да, финансылык да жактан өстүрүшү абзел. Ал өзүн дайыма биринчи орунга коюшу керек. Ошондо гана айланасындагылардын мамилеси өзгөрө баштайт. Жолдошу кол көтөрсө, сөзсүз реакция кылууга акылуу. Зомбулукка чыдап отура бербей, андан чыгуунун жолун табуу зарыл. 

© Фото / Виктория БарСтилист: Дене менен кийимдин ортосундагы аралык жок дегенде 1 см. болуш керек. Жабышкан кийимден буттун кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүткөнү көрүнүп калат.
Стилист Гулзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Стилист: Дене менен кийимдин ортосундагы аралык жок дегенде 1 см. болуш керек. Жабышкан кийимден буттун кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүткөнү көрүнүп калат.

— Бишкектиктердин кийингенине кандай баа бересиз, кантип туура кийинүү керек?

— Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү дене өзгөчөлүгү бар. Жарашыктуу кийинүү да өзүнчө талант. Ал үчүн логиканы эле иштетип, бир аз ойлонуш керек. Көпчүлүк айымдардын ич кийимине көңүл бурбаганы байкалат. Бизде толук аялдар кийимди бир өлчөм кичине сатып алып алсам, арык көрүнүп калам деп ойлошот. Дене менен кийимдин ортосундагы аралык жок дегенде 1 сантиметр болуш керек. Жабышкан кийимден буттун кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүткөнү көрүнүп калат. Ошол эле кезде бишкектиктердин көбү кенен кийим баарына жараша берет деген түшүнүктө жашап келет. Кенен кийим да жарашкан аялга жарашат. Болгону дененин өзгөчөлүгүн байкап, кайсы жерге көңүл буруп же тескерисинче жаап-жашыруу керектигин билүү жетиштүү. 

— Күнүңүз кандай өтөт?

— Эркин графикте иштейм. Эртең менен саат 9га келип, 5те кетиш керек деген нерсе жок. Күн сайын өзүбүзгө мотивация берип, маанайыбызды көтөрүшүбүз керек. Антпесек убакыт бат эле өтүп кетет. Үй жумуштарын кечки убакка жылдырып, күндүз өзүмдүн жумушум менен алектенүүгө аракет жасайм. Үйдөгү иштерге кечки саат 6 менен 7нин ортосундагы убакыт кенен жетет. Бул нерсени түшүнгөн бир жагынан жолдошума, экинчи жагынан жолдошумду көндүргөн мага рахмат. Мындай графикти жөнгө салуу оңойго турган жок. Жолдошум экөөбүздүн бири-бирибизге көнүшүүбүзгө бир жылдай убакыт кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлзат Орчунова: Үйдөгү иштерге кечки саат 6 менен 7нин ортосундагы убакыт кенен жетет. Бул нерсени түшүнгөн бир жагынан жолдошума, экинчи жагынан жолдошумду көндүргөн мага рахмат.
Стилист Гулзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Гүлзат Орчунова: Үйдөгү иштерге кечки саат 6 менен 7нин ортосундагы убакыт кенен жетет. Бул нерсени түшүнгөн бир жагынан жолдошума, экинчи жагынан жолдошумду көндүргөн мага рахмат.

— Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз?

— 25имде. Бир канча жыл мурда жазган күндөлүгүмдү карасам, бир жигит менен сүйлөшүп, ага турмушка чыгып, ошол адам балдарымдын атасы болот деп жазыптырмын. Ошол кезде эле убакытка сарамжал экем. 30 жашка чыкканда жолдошум, анан эки балам менен пенсияга чыгам дептирмин. Пенсия дегенде мамлекет тарабынан берилчү каражат эмес, бизнес ачып коюп, пенсиядай болуп ай сайын акча келишин айткам. Ошол планымдан бир жылдай кечигип жатам. Жакында экинчи балам жарыкка келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ❤ Стилист, дизайнер Бишкек (@gulzat_orchunova) 14 Ноя 2018 в 11:58 PST

— Маек соңунда ийгилик жолуңуздагы сизди таасирленткен учур менен бөлүшө кетсеңиз?

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бүтүндөй командам сызга отургузуп кеткен. Дизайнер Замира Молдошева менен маек
— Университетте окуп жүргөн маалда бир конкурска катышып калдым. Абдан толкунданып, утпай калсам эмне болот деп тынчсызданып, кайра эмнеси болсо да жөнөкөй эле кездемелерден кийимдерди тиге берейинчи деп мода жумалыгына катышкам. Ошол учурда маршруткага барганга чейин утуп калышымды тиленип барчумун. Бир күнү уюштуруучулар чалып, финалга өткөнүмдү айтышты. Конкурс учурунда баары эле I, II орундарды алып жатышты. Моделдерди кийинтип, боентуп мен турам. Залда болсо ата-энем, туугандарым отурат. Мен эми алдыңкы орунга жетишпей калган окшойм деп бир ордумда тура албай ары-бери басып атсам, уюштуруучу гран-при меники экенин айтып калды. Ошондо ата-энем биринчи жолу туура кесип тандаганымды айтышкан. Конкурста утканыма Дубайга эки кишилик жолдомо берилип, апам экөөбүз эс алып келгенбиз. Дубайдын аркасынан эле Берлинге мода жумалыгына катышып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондо өзүмдү-өзүм башымдан сылап, "Азаматсың, Гүлзат!" дедим.

Негизи биз бала төрөлгөндө рахмат айтканды билбейт экенбиз. Эртең менен көздү ачканда жашоо үчүн рахмат айтууга чакырам. Биринчи рахмат айтканды үйрөнүп, экинчи тиленгенди билсек эле аалам да бизге керектүү нерселерди өзү эле бере баштайт. Жок нерсеге наалый бербей, аракет кылышыбыз керек. Эгер жасап жаткан жумушубуз ырахат алып келбесе, үйдө жагымдуу атмосфера болбой турса, анда ийгилик жаралбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0