Ден соолукка бычак. Тез бышыра салуучу азыктар, нан жана туздалган жер-жемиш

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүII книжно-кулинарная ярмарка "Пища для ума"
II книжно-кулинарная ярмарка Пища для ума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар балмуздак, кургатылып, туздалган жер-жемиштер, курамында эт бар, тез бышыра салуучу тамактардан алыс болуш керектигин айтышты.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кайра иштетүүдөн көбүрөөк өткөн азык-түлүктөрдүн өлүмдү эртелеткен тобокелдиги жогору болорун франциялык окумуштуулар билдирди. Бул туурасында РИА Новости LiveScience порталына таянып жазды.

Алар ундан жасалган нан азыктары, балмуздак, кургатылып, туздалган жер-жемиштер, курамында эт бар, тез бышыра салуучу тамактар экенин айтышты. Булардын баары кайра иштетүүдөн бир эмес, бир нече жолу өткөндөр. Мындай тамактардын курамында кант, туз, май, жыт берүүчү заттар, боегучтар, даамды күчөткүчтөр жана эмульгаторлор бар экени маалым.

Приготовление еды - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар курсактагы майды кетире турган азык-түлүктөрдү атады
Окумуштуулар 2000-2017-жылдары 45 жаштан өтүп калган 45,5 миң адамдын ичкен тамак-ашын байкоого алган. Алардын бою, салмагы, көп кыймалдашы же кыймылдабашы, жашоо образы, билим деңгээли жана башка дагы социодемографиялык мүнөздөмөлөрү эске алынган.

Изилдөөнүн жүрүшүндө алардын 30 пайызынын күнүмдүк ичкен тамак-ашы абдан эле көп кайра иштетүүдөн өткөн азыктар болгону аныкталган. Жыйынтыгында адамдын ичкен-жегендеринин 10 пайызын эле жогорудагыдай азыктар түзсө, эрте көз жумуу тобокелдиги дароо 14 пайызга жогорулары айтылган.

Маалыматта мындай тамакты көбүнесе колунда жоктор, билими азыраактар, толуктар жана көп кыймылдагысы келбегендер сатып алары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0