БИШКЕК, 18-Фев. — Sputnik. Кечээ, 17-февраль күнү, интернетте өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштарган адам сарысы резинадай чоюлган жумуртканы көрсөтүп жаткан видео тарады.
Кадрларда көрүнүп тургандай, тургун сууга бышкан жумуртканы аарчып, сарысын баскыласа, ал кадимки резинадай болуп чоюлат.
"Муну биз бүгүн базардан сатып алганбыз. Үйгө келип бышырып жейли десек, жасалма экени билинди. Сарысы кидимки резинадай. Кытайдын жасалма жумурткалары Ошто дагы бар экен, сак болгула, туугандар", — деп айтат видеонун каарманы.
Мындай учурда керектөөчүлөр эмне кылып, мамлекеттик органдар кандай чара көрүшү керектигин билүү үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча башкармалыгына кайрылдык.Ал жактан билдиришкендей, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы окуя боюнча иликтөө жүргүзүүсү үчүн жабырлануучу арыз менен кайрылышы зарыл.
"Сатып алган азык-түлүктүн сапаты талапка жооп бербесе, жаран бизге ошол товарды көрсөтүп, арыз менен кайрылат. Биз башка мамлекеттик органдарга кабар беребиз. Мисалы, видеодо жумуртка резина деп айтылып жатат. Анын чындап эле курамы туура эмес экенин санитардык-эпидемиологиялык станция текшерип, далилдеши керек. Андан соң бул товарга сапат сертификаты кантип берилгенин "Кыргызстандарт" ишканасы, өлкө аймагына кантип киргенин Бажы кызматы, аткезчилик менен келген товар болсо Финансы полициясы сыяктуу органдар териштирет", — деп түшүндүрдү адис.
Ошондой эле башкармалык бул сыяктуу видеолор жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кезде иликтөөгө алынышы мүмкүн экени кошумчаланды. Болгону ЖМК видеонун автору менен байланышып, анын фейк эмес экенин далилдеп бериши шарт.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.