Премьер: "Коопсуз шаар" инфраструктурадагы көйгөйлөрдү ачыктап койду

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы жол кыймылын тыкыр талдоону жана кырдаалды жакшыртуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын курду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Премьердин айтымында, долбоор ишке киргенден бери 9700дөн ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

"Көпчүлүк айдоочулар жол инфраструктурасынын кемчиликтерине, тыгындын пайда болушуна карабай эрежени сактоого аракет жасап жатышат. Долбоор ишке киргенден кийин көйгөйлөр ачыкталды. Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындары жаралууда", — деди премьер.

Өкмөт башчы жол кыймылын тыкыр талдоону жана кырдаалды жакшыртуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0