Парктар жаңыланып, көчөлөргө бак тигилет. Бишкек кантип көрктөнөт

Жазылуу
Сегиз гектар газон жаңыланып, 69 көчөнү бойлой бак отургузулат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек жетекчилиги 2019-жылы калааны жашылдандыруу боюнча иш мерчеми менен бөлүштү.

Муниципалитет 10,4 миң бак-дарак жана бадалдарды отургузууну пландап жатат:

  • 7 906 сөңгөктүү;
  • 5 084 жалбырактуу;
  • 2 822 ийне жалбырактуу;
  • 2 522 бадал.

Мындан тышкары, 137,7 түп тосмо болуп берчү бадал жана 2,2 миллион даана бир жылдык гүлдөр тигилет.

Ошондой эле сегиз гектар газон жаңыланып, 69 көчөгө бак отургузулат. Ал эми реконструкциялана турган сейил бактардын саны 11ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0