Тажикстан: Кыргызстандан ашыкча жүк жүктөлүп келген унаалар жолду бузууда

Жазылуу
Маселелердин басымдуу бөлүгү эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусунда чечилиши ыктымал.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Расмий Душанбе Бишкекке Кыргызстандын чек арасындагы Вахдат — Лахш автожолун куруу маселесин тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазды.

Чек арадан өтүп бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөн киши чек арадан ары-бери өтүп... Каттоо кызматындагы алешемдик
Мындай сунушту Тажикстандын транспорт министри Худоер Худоерзода Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков менен жолукканда айткан. Министр Кыргызстандан Тажикстанга келген жүк ташуучу автоунааларга ашыкча жүк салынгандыктан тажик тараптын жолдору менен катар Кыргызстандын жолдору да бузулуп жатканын белгилеген.

Өз кезегинде элчи Жаныш Рустенбеков Кыргызстан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун иш сапарына даярданып жатканын айтып, көптөгөн маселелер эки мамлекет башчыларынын жолугушуусунда чечилет деген пикирин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0