Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен

© Фото / пресс-служба партии "Замандаш"Таксист Анарбек уулу Чынгыз вышел на свободу
Таксист Анарбек уулу Чынгыз вышел на свободу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Москвадагы Футбол чемпионаты учурунда жол четиндеги элди койдуруп алган кыргызстандык таксист эсиңиздеби? Бул окуяны бир топ ЖМКлар жазып дүйнөгө тараган. Алгач теракт жасалдыбы деген шек жаралып, бирок кийинчерээк ал капилет кырсык экени белгилүү болду.

Кыргызстандыктар жердешинин оор кырдаалга тушукканын кайгыруу менен кабыл алып, ошол эле учурда жапырт колдоо көрсөткөн. Ал тургай бийлик өкүлдөрү да көңүл буруп, президент, премьер-министр жана ЖК төрагасы да көз жаздымда калтырган эмес.

Натыйжада ал өткөн жылдын октябрь айында Москванын Тверь райондук соту тарабынан 1,6 жылга кара жумушка кесилип, Смоленск облусуна жиберилген. Ошол чуулуу кырсыкка кириптер болгон 29 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн эртең менен эркиндикке чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен маектешип, окуянын кандай болгонун өз оозунан угуп жана мындан аркы кадамдарын сураган.

— Чыңгыз мырза, бүгүн эркиндикке чыктыңыз, эми биринчи кезекте каякка барасыз?

— Мен мөөнөтүмдөн мурда бошотулгандыктан беш айга чейин Москвадан башка шаарларга чыкпашым керек. Соңку учурда Смоленск облусунда кармалып тургам. Азыр биринчи кезекте Москвага барып, мурда мен иштеп жүргөн кафенин жетекчиси Оксана Алексеевнанын үйүнө каттоого турам. Ага да рахматымды айттым, башынан аягына чейин жардам берип жатат. Кафесинде алты жыл иштегем. Каттоого туруп, беш айга чейин Москвада жүрөм. Эгер зарыл болсо, укук коргоо органдарынан уруксат алып башка жакка кетсем болот. Бирок менин ишим резонанстуу болгондуктан алыска барбай тынч эле отуруп турайын дедим. 

© Фото / пресс-служба партии "Замандаш"Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда унаасы менен жол четиндеги элди койдуруп алып камалган болчу
Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда унаасы менен жол четиндеги элди койдуруп алып камалган болчу

— Кырсык тооруп, камакка алынганыңызда сиздин таламыңызды талашып, колдоо көрсөткөн мекендештериңиз аябай көп болду. Бул сизге дем-күч берип чыйралта алдыбы?

Таксист в Москве Кайрат Тентимишев - Sputnik Кыргызстан
Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум
— Ооба, чынында кыргыз элим өз баласындай көрүп аябай көп жардам беришти. Бирок мен мунун баарын беш айдан кийин көрүп, билдим. Ага чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. YouTube каналын карасам, бүт жерде жүрөм. Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, президентибиз да менин ишимди көзөмөлгө алыптыр. Эми сезимдеримди айта албайм, териме батпай сүйүндүм, ыйладым...

Ошол эле учурда террорчу деп жазгандар катуу ызалантты. Мен ага чейин спорт менен машыгып Кыргызстандын желегин көтөрүп көп жерлерге баргам. Кыргыз элиме сөз тийгизбей, мекеним үчүн жанымды бергенге даяр болчумун.

— Ошол күнкү кырсык кандайча болуп кетти? Өз оозуңуз менен айтып берсеңиз.

— Ал убакта Россияда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты болуп таксисттер жакшы таап жаткан. Менин 150 миң сом карызым бар эле. Ошону төлөп алайын деп таксиге киргениме 15 күн болгон. Кырсык күнү 24 саат иштеп, акыркы кардарды жеткирүүгө 100 метр калган. Жол чийинге токтоп, адамдарды өткөрдүм, андан соң Mercedes-Benz унаасына жол бердим. Көз ирмемден кийин айдайын десем өзүмө ээ боло албай, денем иштебей калды. Өзүмө келсем эл тарапка бурулуп кетиптирмин, тормозду тептим деп ойлогом, көрсө мен газды тээп кете бериптирмин. Бир түркүктү сүзгөндө токтодум. 

© Фото / ГКУ ЦОДДОкуя 2018-жылдын 16-июнунда Футбол чемпионаты өтүп жаткан чакта болгондуктан чоң чуу жараткан
Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен - Sputnik Кыргызстан
Окуя 2018-жылдын 16-июнунда Футбол чемпионаты өтүп жаткан чакта болгондуктан чоң чуу жараткан

— Анан эмнеге автоунаадан түшүп эле качып жөнөдүңүз? Ушул учур бирөөнү таң калтырса, экинчисине күмөндүү ой жаратты.

— Башында жакшы ой менен эле сыртка чыгып, жардам берейин дегем. Бирок мен унаадан түшкөнчө эле топтошкон балдар келип ура баштады. "Токтогула, токтогула" десем да болбой сабап жатышат. Ары жакты карасам, дагы бир тобу чуркап келе жатыптыр. Алар мени өлтүрүп деле коюшмак. Спорт менен машыккан үчүн коргонууга бир аз күчүм жетти. Коркуп качууга аракет кылдым. Анда да кармап, жерге жаткырып төпөштөп жатканда полиция келип мени алып кетти.

— Көз ачып жумганча эле колуңузга кишен салынып калса кандай абалга кептелдиңиз? Мындан аркы келечегиңизди кантип элестеттиңиз?

— Адамдарды өлтүрүп алдым го деп ойлогом. Ишенесизби, ошол нерсе менин тынчымды алды. Биринчи денемдеги көгаланы, абалымды көрүп убактылуу кармоочу жай мени кабыл албай койду. Анан ооруканага алып барып, бир сыйра каратып алып келишти. Үч-төрт күнгө чейин өзүмдү билбей жүрдүм. 48 саат сурак болду, ар бир кадамымды айтып бердим. Текшергенде да дал келди. Сегиз жылдан бери Москвада иштейм, бир дагы мыйзам бузууну табышкан жок. Адамдар аман-эсен экенин үч күндөн кийин адвокатым Мирбек Токтосуновдон уктум. 

— Октябрь айында соттун чечими менен сизди кара жумушка кесип, Смоленск облусуна жиберген. Ал жакта эмне иш кылдыңыз?

— Нан чыгарган заводдо иштеп жаттым. Ал жайдын жетекчилиги, түрмөнүн начальниктери да карап көрүп жакшы мүнөздөмө беришти. Ошонун арты менен мөөнөтүмөн мурда эркиндикке чыга алдым.

— Россиянын абактарынан кыргыздарды кезиктирген жоксузбу?

— Негизи абактагы жашоону душманыма да каалабайм. Жарык дүйнөдө адам баласы үчүн мындан жаман жер жок экен. Москвада жүргөндө төрт-беш жолу кыргызды көрдүм. Угушума караганда, ал жайда онго жакын мекендешибиз бар экен. Ал эми Смоленскидеги абактан кезиктирген жокмун. 

© Фото / АГН "Москва" / Сергей ВедяшкинӨткөн жылдын 11-октябрында Москванын Тверь райондук соту Анарбек улун 1,6 жылга кара жумушка кескен. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкты.
Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен - Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылдын 11-октябрында Москванын Тверь райондук соту Анарбек улун 1,6 жылга кара жумушка кескен. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкты.

— Учурда үй-бүлөңүз кайсы жакта жашап жатат?

— Мурда келинчегим Москвада болчу, окуя болгондон кийин апам да келип эки ай жүрдү. Анан "Кудай качан буюрса, ошондо чыгам эми" деп аларды айылга жөнөткөм. Азыр бул жакта бир тууган агам, иним жана карындашым бар.

Кызымдын улуусу үч, кичүүсү бир жашта. Видеолорун жиберип турушат, күнүгө тамак ичип бүткөндөн кийин дасторкондун чекесинде отуруп "атам келсин" деп бата кылышат экен. Кичүүсү баса элек эле, азыр чуркап калыптыр. Алар мени Москвада иштеп жүрөт деп ойлошот.

— Кырсыктан жаракат алган адамдарга компенсация төлөп бүттүңүздөрбү? Эл чогултуп берген каражат канчасына жетти?

— Элден канча акча чогулганын азыр айта албайм. Бүгүн барып апамдан, инимден сурап билем. Мурда мени сарсанаа болот деп көп нерсени айтышкан эмес. Негизи 11 адам жабырлануучу болгон. Ар кимге ар кандай сумма төлөнгөн. Эң көбү бир бели сынган аялга 400 миң рубль бергенин билем. Акырында жамбашы сыйрылган киши бир миллион сурап туруп алды. Бирок сот 500 миң рубль төлөөгө милдеттендирди. Буюрса иштеп калсам, андан да акырындык менен кутулам. 

© Фото / Акбар МаразыковЧыңгыз Анарбек уулу сегиз ай темир тор артында болду. Бул эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы сүрөтү. Жанында "Замандаш" партиясынын өкүлү Акбар Маразыков.
Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Анарбек уулу сегиз ай темир тор артында болду. Бул эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы сүрөтү. Жанында "Замандаш" партиясынын өкүлү Акбар Маразыков.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыз элиме аябай ыраазы экенимди айта кетейин! Мени колдоп, жардам берип, баштан-аяк чуркап жүргөндөрдүн баарына чоң рахматымды айтам!

Мөөнөтүм бүткөнчө мурдагыдай эле ашпозчу болуп иштеп, андан чыгып залга барып машыгуумду улантам. Жакшы ниеттерим бар, дүйнө чемпиону болсом дейм. Мен тууралуу жаман ойлогон адамдарга кыргыздар кандай эл экенин көрсөткүм келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0