Улуттук кийим киген улгайган аял жана өспүрүм кыз. Архив

Урпактарды "чыйпылдак", "быйпылдак" деген уят! Тилдеги аша чапкандык

639
(жаңыланган 09:29 22.02.2019)
Айрым жерлерде кыргыздын ата-теги менен урпактары 40ка чейин саналып кеткен. Келечек муундарды интернеттен "кылтыңда", "карсылда", "чорбоңдо", ал эми бабаларды "жөлөк", "уютку", "устун" деп табууга болот...

Бирок илгертеден бери жети ата менен баланын төрт мууну гана айтылып келет, 40 муун тууралуу эч бир булак, факты, ал эмес көркөм чыгармаларда маалымат жок дейт адис.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында кыргыздын укум-тукумдарынын туура айтылышын билүүгө аракет кылды. Материалды даярдоого тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев жардам берди. Ал Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтейт.

Жолдошевдин айтымында, кыргыздардын ата-бабасынын насилин изилдеген илим санжыра деп аталып, аны илгери кыргыздар оозеки түрдө айтып келген.

Тизме боюнча алгач түпкү ата — Кыргыз (бир адамдан тараганбыз, бир элденбиз деген түшүнүк бар), андан кийин уруу, анан урук, андан соң тукум же башкача айтканда, жети ата кетет.

1. Ата

2. Чоң ата

3. Баба

4. Буба

5. Кубар

6. Жото

7. Жете

Адис эч убакта кыргыздар жети атадан ары тегин санабаганын баса белгиледи.

"Жети атаны бир атанын балдары же тукуму деп эсептешкен. Бир атадан кийин урукпуз, анан уруубуз дешкен. Андан ары эч ким ата-бабасын санаган эмес. Кийинки учурда тизмени улагандар болду. Муну кээ бир фольктарыхчылар — тарыхты жомокко айландыргандар кошуп алган", — деди Жолдошев.

Ал эми келечек муун болгону төрткө чейин саналат.

1. Бала

2. Небере

3. Чөбөрө

4. Кыбыра

"Муундардын ортосу 25-30 жаштан болсо, үч муун жүз жылды түзөт. Бир кылымдан аша алгандар кыбырасын көрөт. Андан ары көрбөгөн урпактарды кантип "чыйпылдак, быйпылдак" деп аташат. Бул шылдыңдоо! Совет бийлиги кулагандан кийин кыргыздардын өзүнүн улуттук эс тутумуна, тарыхына кызыгуунун күч алышынан, салттуулукка басым жасашынан улам айрым учурда аша чаап ийген учурлар болду. Ал маалыматтар ЖМК аркылуу тарап кетти. Баланча кылымда 40 муун тууралуу жазылган деп айтууга эч кандай булак, факты жок. Осмонаалы Сыдык, Белек Солтоноев сыяктуу тарыхчылар жазып кетмек деп ойлойм. Же болбосо фольклордо, Манаста, кичи эпостордо, ырларда айтылып калмак. Бул адистер тарабынан эбак далилденген", — деп түшүндүрүп берди Рыскулов.

Ал ошондой эле тарыхта мындай такталбаган маалыматтар көп экендигин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин аты-жөнү кылымдарды карытып, кыргыз элинин коомдук-саясий, маданий турмушунда маанилүү роль ойногон инсандардын урпактары тууралуу макала даярдаган.

639
Белгилер:
Кыргызстан, тукум, каада-салт, тарых
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Брокер, маклер, дуополия, вето... Экономикалык сөздөрдүн эбин таба аласызбы?
Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат