Өкмөт: эл каттоого бир жыл калды, бирок дагы деле аталышы жок көчөлөр бар

Жазылуу
Жалпы элди каттоо иш-чарасы 2020-жылга белгиленген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ушул жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында пилоттук негизде эл каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык комиссиянын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми жалпы элди каттоо иш-чарасы 2020-жылга белгиленген.

"2020-жылдагы эл каттоо — бул жөн гана статистика эмес, мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чара. Бул жолкусу КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эл каттоо процесси менен туш келет. Дагы бир өзгөчөлүгү — жарандарга жумушу жана миграцияга тиешеси тууралуу дагы суроолор берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочулук күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт
Боронов кошумчалагандай, эл каттоого даярдыктын алкагында белгиленген 30 иш-чаранын 10у аткарылды.

"Учурда өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү органдар жай иштеп жатат. Мисалы, айрым жерлерде көчөлөргө аталыш берүү, үй номерлерин белгилөө иштери аткарыла элек", — деди биринчи вице-премьер.

Ушул тапта өлкө боюнча аты жок көчөлөр 5,3 пайызды түзөт. Алар Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Баткен облустарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0