"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жасаганга канча каражат сарпталары айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный и политический деятель Таштанбек Акматов
Государственный и политический деятель Таштанбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамга татыган адамга "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жасоого 85 миң сомдун айланасындагы каражат кетет. Бул тууралуу президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. 

© Фото / официальный сайт президента КР "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси
Ак Шумкар өзгөчө белгисин жасаганга канча каражат сарпталары айтылды - Sputnik Кыргызстан
"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулашты. Ал биринчи окууга киргизилүүдө.

Высшая степень отличия Кыргыз Республикасынын Баатыры - Sputnik Кыргызстан
"КР баатыры" эмне болгон наам жана кандай артыкчылыктарды берет
Сманбаева өз сөзүндө "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси атайын тапшырык менен даярдаларын жана акыркы жолу 2011-жылы берилгенин айтты. Ал ошондой эле мамлекеттик медалдарды бирден эмес, 10-15 даана жасатуу үчүн тапшырык берилерин кошумчалады.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамга татыган адамга "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылат. Адам каза болгон күндө наам анын мураскерине берилип, бирок тагынып жүрүүсүнө тыюу салынат.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы биринчи жолу 1997-жылы берилген. Ошол күндөн бери 24 киши бул жогорку ардак наамга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0