"Мыкты" боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек

© Sputnik / Эмиль СадыровСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин юристи менен ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жетекчиси депутат Тазабек Икрамов кантип "Билим берүүнүн мыктысы" болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти.

Былтыркы жылдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамы ыйгарылган. Төш белгинин берилиши коомчулукта кайчы пикир, нааразычылык жаратып, маселени юрист Кайрат Осмоналиев кайрадан көтөрүп чыкты.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
Ал Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү катары аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевге эл өкүлүнө сыйлык мыйзамсыз берилгени жана аны кайтарып алуу керектиги боюнча кат жолдогонун билдирди.

30-40 жылдык өмүрүн мектепке арнаган мугалимдер бул төш белгини ала албай жүргөндө, эл өкүлүнө сыйлык кандай критерийлерден улам берилип калган? Sputnik Кыргызстан агенттиги талдап көрдү.

Сыйлык ала албай жүргөн мугалимдер

Нургүл Анарбаева Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Мырзалиев атындагы орто мектебинде 27 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Кесиптеш, айылдаштары аны мыкты адис экенин айтып, бирок азыркы күнгө чейин "Билим берүүнүн отличниги" наамын ала албай жатканына таң калышты.

Анарбаеванын өзү менен байланышканыбызда, ал аталган сыйлыкты алыш үчүн министрликтин жобосуна ылайык бардык тепкичтен өткөнүн айтты.

"Жобо боюнча райондук, облустук, республикалык Ардак грамоталардын баарын алгам. Министрликтин Ардак грамотасы менен бул сыйлыктын аралыгы үч жыл болуш керек экен. Былтыр, 2018-жылы эле үч жыл толгон, бирок "кезегиңиз келе элек" деп жатышат. Быйыл алып калаармын деп үмүттөнүп жатам. Жанталашкан деле жокмун, болгону бул стимул экен да", — деди Анарбаева.

Нарын облусунун тургуну Күлүйпа Жаманбаева "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин ала албай эле пенсияга чыгып кеткен. Айтымында, ошол учурда аны менен иштегендердин көбү эле бул сыйлыкка ээ болбой калышкан.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болот? Министрликтин жобосу
"Мектепте 28 жыл иштедим. Мага окшоп мектепке 30-40 жылдап өмүрүн арнап, канча деген баланы уядан учурган кесиптештерим деле, мен деле "Билим берүүнүн мыктысы" болбой эле пенсияга чыгып кеттик. Ал учурда бул наамга жанталашып чуркабаптырбыз. Азыр мектепке жаңы келген мугалимдер тез эле "отличник" болуп калып жатышпайбы. Кантип алып жатышканын билбейм. Министрликтин деле Ардак грамотасын пенсияга чыгардын алдында алдык. "Албай калдык" деп нааразы деле болбойбуз. Болгону сыйлык сыймык экен да", — деди ал.

Сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок ала албай жүргөн мугалимдер көп эле экен. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Сураган Босумбаевдин апасы.

"Апам мугалим болуп мектепте көп жыл иштеди. Мектептин алдыңкы мугалимдеринин бири. "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алууга төрт-беш жолу көрсөтүлгөн. Былтыр ардагер мугалим катары сунушталып, документтери министрликке жиберилген, азыркыга чейин кабар жок", — деди Босумбаев.

Бул эки-үч мугалимдин мисалы гана...

Жобого таянсак

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинен "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин кантип алуу керек деген суроого расмий жооп алган. Жободо сыйлыкты кимдер ала алары так жазылган:

  • илимий-педагогикалык эмгек стажысы жалпысынан 20 жылдан кем болбогондор;
  • билим берүү чөйрөсүндө, илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык ишмердүүлүктө ийгиликке жетишкендер, окуу программаларынын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун авторлору;
  • педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылгандар;
  • министрликтин Ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйлангандан кийин ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерден соң билим берүү уюмдарынын мыкты мугалими деп табылгандар, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.

Эл өкүлү, юристтер эмне дейт?

Учурда коопсуздук кеңешинде жумушчу топтун мүчөсү болуп иштеп жаткан юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго сыйлык мыйзамсыз берилгенин, жобонун эрежеси эске алынбай калганын билдирди.

© Фото / из личного архива Кайрата ОсмоналиеваЮрист Кайрат Осмоналиев
Мыкты боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек - Sputnik Кыргызстан
Юрист Кайрат Осмоналиев

"Негизи бул төш белгини ала тургандардын тизмеси министрликтин сайтына бир ай мурун илиниши керек. Ноябрь, октябрь айыныкын карасам, депутаттын аты-жөнү жок экен. Мындан сырткары, жобого ылайык, төш белги илимий-педагогикалык эмгек стажысы жалпысынан 20 жылдан кем болбогондорго берилет. Бул — мыйзамды одоно бузуу. Тымызын эле берип койгон. Анын үстүнө Тазабек Икрамов билим берүү боюнча профилдик комитеттин мүчөсү. Бул жерде коррупция да болушу мүмкүн", — деди Осмоналиев.

Бирок эл өкүлү агартуу тармагында иштебесе да эмгеги бар экенин айтып, алган сыйлыгы боюнча дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов
Мыкты боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов

"Кесибим, алган билимим агартуу тармагында. 2004-жылдан бери агартуу тармагында эле эмгектенбестен, жаштардын спортко болгон кызыгуусун да арттырып, аларды колдоп келем. Биз даярдаган жаштар республикалык жана эл аралык масштабда бир топ ийгиликтерди жаратты. Депутат болгондон бери көбүнчө билим берүү системасына тиешелүү маселелерди көтөрөм. Үч жыл аралыгында курулган мектептер, ремонттон өткөн окуу жайларында кандайдыр бир деӊгээлде үлүшүм бар экенин кесиптештерим, министрлик жакшы билет. Башкача айтканда, бул сунуш жана чечим меники эмес, комитеттики", — деп жазган эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова сыйлыкка Икрамовду комитет жөн гана сунуштаганын, эгер талапка туура келбесе, министрлик сыйлыкты бербей деле койсо болмоктугун айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова
Мыкты боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова

"Тазабек Икрамович бизде комитетте үч жылдан ашык мүчө болуп иштеп, андан кийин төраганын орун басары болду. Билим берүү тармагына байланышкан ар кандай сунуш, пикирлерин айтып келет. Мындан улам жаңы жылдын алдында министрликке "карап көргүлө" деп сунуш эле кылганбыз. Азыр ызы-чуу болуп жатыптыр. Эгер сунуш туура эмес болуп, сыйлыктын талаптарына туура келбесе, министрлик аны бербей деле койсо болмок", — деди Молдобекова.

Билим берүү жана илим министрлигинин юристи Мирлан Калдыбай уулу Икрамовго сыйлык жобонун 26-пунктуна таянып берилген дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү, маданият жана миграция. Депутат Икрамовду "мыкты" кылган сыйлыктар
"Силер айтып жаткан "20 жыл иш тажрыйба, министрликтин Ардак грамотасы болуш керек" деген талаптар булар мугалимдерге карата жазылган. Андан сырткары, жободо 26-пункт бар. Анда Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда, анын ичинде билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн билим берүү тармагында эмгектенген башка кесиптеги адамдар, айрым жамааттар, чет өлкөлүк жарандарды "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйлоого укуктуу деп жазылган. Тазабек Икрамов билим берүү маселесин дайыма колдоп келет, анын үстүнө аны төш белгиге комитет көрсөткөн", — деди Калдыбай уулу.

Икрамов социалдык тармактагы баракчасына мындан башка дагы сыйлыктарынын сүрөтүн жарыялаган. Аларды Sputnik даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0