Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны
Встреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеген адамдар өз балдары үчүн кайсы бир деңгээлде трамплин болуп берери талашсыз.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан өлкөнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алектенери жөнүндө жазган. Бул жолу экс-өкмөт башчылардын уул-кыздарынын кайсы кесипти аркалап, кандай күн көрөрүнө кызыктык.

Кыргызстанда канча өкмөт башчы болгон?

Убактылуу өкмөттү башкарган Роза Отунбаеваны кошкондо Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын 23-премьер-министри. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев министрлер кабинетин эки ирет жетектеген. Бул эсепке кыска убакыт премьердин "милдетин аркаргандар" алынган жок.

Баса, бул жолу алгачкы 10 өкмөт башчынын балдары тууралуу айтабыз.

Насирдин Исанов (21.01.1991 — 29.11.1991)

© предоставлено Марией ИсановойКыргызстандын тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов

Кыргызстандын тунгуч өкмөт башчысы Насирдин Исановдун бир уул, бир кызы бар. Кызы Мария Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон. Баласы Алмаз Аскар Акаевдин мезгилинде президенттин аппаратында эмгектенген. Кийин "Асман Ала-Тоо" саясий партиясынын лидери болгон. Акыркы президенттик шайлоодо талапкер Темир Сариевдин тарапташы болду. Насирдин Исанов өзү 1991-жылдын ноябрь айында жол кырсыгынан көз жумган.

Турсунбек Чыңгышев (10.02.1992 — 13.12.1993)

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСуверендүү Кыргызстандын экинчи премьери Турсунбек Чыңгышев
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Суверендүү Кыргызстандын экинчи премьери Турсунбек Чыңгышев

Суверендүү Кыргызстандын экинчи премьери Чыңгышевдин балдары тууралуу ачык маалыматтар оңой менен табылбайт. Болгону Юстиция министрлигинин сайтында уулу Данияр Чыңгышев жарнамалык ишмердик менен алектенген IRON Media ишканасынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири экени көрсөтүлгөн.

Апас Жумагулов (14.12.1993 — 14.03.1998)

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАпас Жумагулов үч баланын атасы
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Апас Жумагулов үч баланын атасы

Өкмөт башчылык доорду эң узак сүргөн Жумагулов үч баланы тарбиялаган. Бирок бир баласы жөнүндө гана маалымат бар. Юстиция министрлигиндеги маалыматтарга караганда, Сергей Апасович Жумагулов үч ишканага ээлик кылат. Алардын бири камсыздандыруу менен алектенет.

Кубанычбек Жумалиев (14.03. 1998 — 23.12.1998)

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКубанычбек Жумалиевдин үч балачы чет өлкөдө окуйт
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Жумалиевдин үч балачы чет өлкөдө окуйт

Кубанычбек Жумалиев буга чейин берген маектеринде төрт баласы бар экенин айткан. Эки баласы Сингапур мамлекетинде окуса, бири Москва шаарында билим алууда. Эң кичүүсү мектеп окуучусу.

Жумабек Ибраимов (25.12.1998 — 4.04.1999)

© Фото / семейный архив ИбраимовыхЖумабек Ибраимов үч эркек, бир кызды тарбиялаган
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Ибраимов үч эркек, бир кызды тарбиялаган

Өкмөт башында туруп каза болгон эки премьердин бири — Жумабек Ибраимов.. Ал ашказандын залалдуу шишигинен улам көз жумган. Үч эркек баласы, бир кызы бар. Уулдарынын бири атасынын жаркын элесине арналган иш-чараларды уюштуруп келет. Ал бир нече ишканаларда, банктарда жана мамлекеттик органдарга иштеген. 2010-2013-жылдары "Кыргызстандын улуттук энергетика тармактары" ААКында инженер болгон. 2013-2016-жылдары ушул эле компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Амангелди Муралиев (21.04. 1999 — 11.12.2000)

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАмангелди Муралиевдин эки никесинен үч баласы бар
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Амангелди Муралиевдин эки никесинен үч баласы бар

Амангелди Муралиев үч баланын атасы. Биринчи жубайы Чынаркүл Султановнадан Алтынбек аттуу уулу, мугалим болуп иштеген Жылдыз деген кызы бар. Кийинки никесинен Амина аттуу кыздуу болгон. Баласы Алтынбек 2014-жылга чейин өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген. Кийин мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 12 жылга эркинен ажыратылган.

Курманбек Бакиев (21.12.2000 — 22.05.2002 жана 28.03.2005 — 15.08.2005)

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиевдин эки уулу сыртынан кесилген
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Курманбек Бакиевдин эки уулу сыртынан кесилген

Бакиевдин тун уулу Марат 48 жашта. Учурда үй-бүлөсү менен Белоруссияда жашайт. УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Белоруссияда анын экинчи уулу төрөлгөн.

Ал эми убагында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигин башкарган кичүү уулу Максим Бакиев көптөгөн кылмыш иштеринин алкагында бир нече ирет сыртынан кесилген. Алардын арасында өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү дагы бар. Далилденген айыптары — келишим түзүүгө мужбурлоо, мыйзамсыз кирешелерди легализациялоо, тоноо жана каражаттарды чыгарып кетүү. Учурда Лондондон анча алыс эмес жерде жашайт.

Булардан тышкары, Курманбек Бакиевдин экинчи аялынан эки баласы бар. 2015-жылы Бакиев кызы белорус тилин үйрөнүп, президент Александр Лукашенкого поэма окуп бергенин айткан.

Николай Танаев (22.05.2002 — 25.03.2005)

© AFP 2023 / FREDERIC BROWNНиколай Танаевдин уулдары бизнес жаатында
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Николай Танаевдин уулдары бизнес жаатында

Аскар Акаевдин доорундагы акыркы премьер азыр Россияда жашайт. Үч баланын атасы, бирок анын мураскерлери тууралуу көп маалымат жок. Тун уулу Александр бир нече жыл бою Теннис федерациясын жетектеп, ушул жаатта ишкерлик кылчу. Кичүүсү Алексей дагы бизнес чөйрөсүндө экени айтылып жүрөт.

Феликс Кулов (1.09.2005 — 19.12.2006)

© пресс-служба ЖКФеликс Кулов беш баланын атасы
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Феликс Кулов беш баланын атасы

Биринчи жубайы Наиля Баялиева экөөнүн Жамиля жана Деңиз аттуу кыздары бар. Экс-өкмөт башчынын биринчи үй-бүлөсү 2000-жылы АКШдан саясий башпаанек алгандыктан кыздары апасы менен ошол жакта жашачу. Куловдун өзүнүн айтымында, экөө тең кийин Кыргызстанга кайтып келген. Улуусу үй-бүлөлүү, балдарын тарбиялоо менен алек. Экинчиси ЖОЖдо окуйт. Кийинки жубайы Фатима экөөнүн бир уул, эки кызы бар. Алар мектеп окуучулары.

Азим Исабеков (29.01.2007 — 29.03.2007)

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOАзимбек Исабековдун уулдарынын бири Кубанычбек өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн адиси болуп иштечү, учурда Японияда окуйт
Кесилген, качып кеткен... Экс-премьерлердин уул-кыздары эмне иш кылат. 1-бөлүм - Sputnik Кыргызстан
Азимбек Исабековдун уулдарынын бири Кубанычбек өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн адиси болуп иштечү, учурда Японияда окуйт

Премьерлик тактыда эң аз отурган аткаминер — Азимбек Исабеков. Анын төрт баласы бар, экөө уул, экөө кыз. Уулдарынын бири Кубанычбек өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн адиси болуп иштечү, учурда Японияда окуйт.

Маалымат ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0