Жогорку сот: зордукталган наристенин ата-энеси кылмышкерди кечирип койгон

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинекей балага карата сексуалдык аракеттерди көргөндөрдүн жазасын жумшартуудан улам кылмыш анча оор болбой калды. Анын үстүнө жабырлануучу тарап койгон дооматынан баш тартып коюшу мүмкүн.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда зордукталган балдардын ата-энелери кылмышкер менен кепке келип, койгон дооматтарынан баш тарткан учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, жаңы кодекстер боюнча балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук анча оор кылмыш болуп эсептелбей калды. Эми жабырлануучу тарап ишти токтотуу үчүн тосмо арыз жазып, коюлуп жаткан күнөөнү колдоодон баш тарта алат.

"Биринчи, экинчи инстанциялардагы иш көбүнчө тараптардын элдешүүсүнөн улам токтоп калат. Бирок бизге чейин бир иш жетти. Алты жашар кызды зордуктаган кишини төрт жылга эркинен ажыратышкан. Наристенин ата-энеси иш эки инстанцияда каралып жатканда арыз жазган эмес. Материалдар бизге өткөндө тосмо арыз жазып, койгон дооматтарынан баш тартып жатканын айтышкан. Биз аларды уккан жокпуз. Конституция, Үй-бүлөлүк кодекс, Балдар тууралуу кодекстин жоболоруна таяндык, ал жакта ата-эне балдардын кызыкчылыгын көздөш керек деп жазылып турат", — деди Токтомамбетов.

Ал талкууга катышып жаткан Башкы прокурорго кайрылып, мамлекеттик айыптоочулардын биринчи жана экинчи инстанциянын мындай чечимдеринин үстүнөн даттануусунун зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0