Бишкекте балдарга карата кылмыштар көп катталган район аталды

© AP Photo / Aaron FavilaСексуальное насилие в Маниле
Сексуальное насилие в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар кордукту көп учурда туугандарынан, ата-энесинен көрөт.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунда өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштар көп катталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын балдарды коргоо жаатындагы коррупция жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Аслан Атабиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда балдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүп жатат. Тагыраагы, 2016-жылы — 862, 2017-жылы — 1107, 2018-жылы 1368 кылмыш катталган. Биринчи орунда Бишкек болсо, экинчиде Талас, үчүнчүдө Ош турат. Ал эми Нарын, Жалал-Абад жана Чүйдө кылмыштар азаюуда.

"1000 балага карата эсеп көрсөткүчүн ала турган болсок, Свердлов районунда 3,52, Биринчи Май — 3,38, Октябрь менен Ленин райондорунда — 2,17ни түзөт. Ошондой эле жогорку көрсөткүчтөр Каракол, Ош, Майлуу-Суу шаарларында, Чүй облусунун Москва, Жайыл райондорунда байкалат", — деди Атабиев.

Ал ошондой эле балдарды өлтүрүү жана зордуктоо фактылары Ысык-Ата, Кара-Буура жана Ала-Бука райондорунда көп болорун кошумчалады. Көпчүлүк учурда балдар кордукту туугандарынан, ата-энесинен көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0