Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган

© Фото / предоставлено Гульнурой ТоралиевойНазначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева
Назначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлнур Төралиева — өлкөдөгү медиа багытындагы кеңири таанымал жана иштин көзүн билген серепчилердин бири. "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында маектешибиз тыным алдырбаган иши менен үй-бүлөсүнө кам көрүүнү кантип айкалыштырарын айтып берди.

Төралиева ОБСЕ академиясын директордун милдетин аткаруучу катары жетектеген, Дүйнөлүк, Азия өнүктүрүү банктарынын, ЮСАИД, ПРООНдун эл аралык кеңешчиси болгон, КР өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүн жетектеген (ошол кездеги өкмөт премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Сапар Исаковдун тушунда), 500дөн ашуун илимий жана журналисттик материалдардын, анын ичинде журналистика жана коомчулук менен байланыш боюнча окуу китебинин автору. Ошону менен бирге эле Гүлнур — мыкты жар жана эки уулдун энеси. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМедиаэксперт Гульнура Торалиева
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган - Sputnik Кыргызстан
Медиаэксперт Гульнура Торалиева

— Кош бойлуу кезиңизде да, көз жаргандан кийин да окуп, ал тургай иштепсиз. Бул туурасында кененирээк билсек...

— Дегеле кызык бир касиетим бар экен, эки жолу тең жашоомдогу эң кызык учурларда көз жардым. Тун уулум Артур Лондондо магистратуранын биринчи семестринен кийин төрөлдү. Ал кезде илимий журналистика боюнча билим алып жүргөм. Иш сапарлар, лабораторияларды кыдырмай көп эле.

Сентябрда сабак башталган, ал эми январда уулум төрөлдү. Лекцияларда көзүм илинип кетчү, бирок ошентсе да багынган жокмун, ал тургай, диссертациямды жазып койдум.

Алардын баарына кантип үлгүргөнүмдү билбейм, бирок ошол учур өмүрүмдөгү сыймыктанган убактардын бири. Мени Бишкекке бир колумда уулум, бир колумда City University London магистратурасынын диплому менен кайтам деген кыял дайым шыктандырып турчу.

Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек
Бала багууга жолдошум каралашчу. Мени менен бирге Лондонго келген. Түндө сүтүмдү саап, таңда окууга чуркап, кайра дене табым көтөрүлгөн боюнча Артурду эмизүүгө чуркачумун. Уулум да көп чыргоолоно берчү.

Бишкекке эки-үч айлык уулум менен 2010-жылдын 7-апрелинде, баягы революциялык окуялар кайнап турган кезде кайттым. Биз учуп келген соң аэропортту жабышкан. Журналисттик кызыгуу кое бербейт экен, баламды ата-энеме калтырып, аянтка чуркадым. Кыргызстанда эмне болуп жатканы туурасында англис тилиндеги блогду жасадым. Лондондук тааныштарым жана досторум мага аябай таң калышкан.

— Баса, Лондондогу окутуучулар кош бойлуу деп сизге жеңилдик беришчү беле?

— Англияда бардык экзамен, эссе жана тесттер жазуу жүзүндө тапшырылат. Экзамендерде мага эч кандай артыкчылык берилген эмес. Окутуучулар студенттин номерин гана көрө алат, андыктан, кимдир бирөөгө өзгөчө мамиле жасай алышпайт. Ал эми группалаштарым мага күйүп, колдоп турушчу. Моралдык жактан да, тапшырмалар боюнча да жардам беришчү. Көз жарганымда мени сабакка кирип алсын деп кезектешип баланы карап да турушчу. Кышында, 22-январда, төрөгөм, Лондондо аябай ызгаар эле, ал эми мен алдын ала сөзсүз душка түшүү талабы коюлган лабораторияларга барышым керек. Суук тийгизип алуудан аябай чочулачумун. Аябай коркконум эле ошол болгон. Кудай жалгап мага "сиз жуунбай деле койсоңуз болот" деп калышты. 

© Фото / предоставлено Гульнурой ТоралиевойМедиаэксперт Гульнура Торалиева
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган - Sputnik Кыргызстан
Медиаэксперт Гульнура Торалиева

— Лондондогу ооруканада төрөттөн эч көйгөй болгон жокпу?

— Сегиз миллион калк жашаган калаадагы UCL хоспиталында ошол күнү төрөлгөн жалгыз ымыркай менин уулум экен. Ошондуктан көңүл борборунда болгонбуз. Чүрпөм менен бөлмөдө жатсам медайым, врачтар азиялык кичкинтайды көрүүгө улам баш багып, балага эзилип, сүйүнүп, колдоп жатышты. Супермаркеттерде да бура бастырышпай "Very new!" дешет эзиле. Мен аларга: "Ооба, жаңы төрөлдү, кыпкымындай",- дечүмүн.

— Экинчи кош бойлуулук кандай өттү, ал убакта турмушуңузда кандай окуялар болгон эле?

Юрист жана Аутизмди жеңебиз! фондусунун түптөөчүсү Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан
"Өзгөчө" баланын энеси: жакшынакай чоңоюп келе жаткан уулум кокустан өзгөрдү…
— Ошол убактагы биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси болчумун. Оюмда жазында өкмөт алмашат, биринчи вице-премьер кетет, мен сентябрда тынч көз жарам деп күткөм. Өкмөт алмашты, ал эми Жоомарт Каипович премьер-министр болуп, ал киши мени өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси кылып дайындап койду. Беш айлык боюмда бар, ошондой абалдагы басма сөз катчысы керекпи деп ачык сурадым андан. "Кыйналып баратсаңыз, мага кабарлаңыз. Болбосо, жакшы жыйынтык көрсөтөрүңүздөн шегим жок",- деп жооп берди.

Жети айлык боюмда барда төрт же беш өлкөгө иш сапар менен бардык. Делегациянын курамында Жоомарт Каипович, маалымат катчы жана жан сакчы эле бар болчу. Ошондуктан фотоаппарат, камера жана лэптоп көтөрөм, себеби жансакчы жанына эч нерсе албоого тийиш. Утур эле артта калам, протокол кызматкери: "Гүлнур, бол бачым, жолугушуу башталды!" – деп кыйкырат. Өзүм пресс-релиз жазып, сүрөт тартып, видеону монтаждап, FTPге (файлалмаштыргыч) салам.

Боюмдагы 8,5 ай болгон кезде гана Монголияга барган жокмун. Бирок 14-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бардым, ал эми 30-сентябрда көз жардым. Төрөткө чейинки эки аптада премьер-министр менен 4-5 жолу жолуктук. 

© Фото / Арген Капаров Медиаэксперт Гульнура Торалиева
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган - Sputnik Кыргызстан
Медиаэксперт Гульнура Торалиева

— Эне болгону өзүңүздө кандай өзгөрүүлөр болду?

— Балдарым мага жаратууга, иштөөгө, өзүмдү өзүм өстүрүүгө чоң күч берет. Алар үчүн эң мыкты болууга, алар мени менен сыймыктанып, менден үлгү алышына татыктуу болууга дайым тырышам. Экинчиден, менин жетишкендиктерим менен алардын жашоосу жакшы, окуп, саякаттоосуна шарт жаралсын дейм.

— Уулдарыңыздын ысымдарын ким койгон?

Координатор церемонии открытия и закрытия Всемирных игр кочевников Дарика Асылбашева - Sputnik Кыргызстан
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом
— Тун балабыз Англияда төрөлгөндүктөн, ага Артур – "күчтүү (кудуреттүү) аюу" дегенди туюндурган байыркы кельт ысымын койдук. Бул жолдошума караганда көбүнесе менин чечимим болду көрүнөт, ата-энелерибиз ат коюуга кийлигишкен жок. Экинчи уулубуз төрөлгөндө бүт үй-бүлөбүз менен акылдашып, Алан деген ысым бердик. Бул дагы кельт ысымы, "аска" дегенди түшүндүрөт. Кенже уулума ысымы төп келет, чындап эле мүнөзү бекем. Балдарым "дүйнө адамы" атыгып, космополит, ою терең, көз карашы ачык болуп чоңоюшсун деген тилегим бар.

— Балдарды тарбиялоодо жолдошуңуз менен пикирлериңиз дал келишеби?

— Жолдошум Бельгияда, бирок бизден тез-тез кабар алып турат. Башта, Артур жаңы төрөлгөндө, пикирлерибиз эки ача болчу. Мен ээн-эркин болууну жактырам. Балдар оронуп-чулганбай, сууктан, аптаптан коркпой, ар кыл саякатты көтөрө билгендей болсун дейм. Артурду көтөрүп алып Лондонду көп кыдырдым, коомдук дааратканаларда жалаягын алмаштырдым, аялдамаларда эмиздим. Өтө эле үзүлүп түшпөөгө аракет кылам. Мисалы, бала жыгылып кетсе, күйпөлөктөбөйм, өз күчүн, эркин сынап көрсүн дейм. Албетте, акылга сыярлык деңгээлде. Ал эми жолдошум Шабдан "балдар ооруп калбасын, жыгылбасын" деп көп санааркайт, ошону менен бирге эле тазалыгы, ар бир күнкү тартиби жана окуусуна катуу талап коет. Бирок балдар мен түзгөн тартип менен жашайт. Мисалы, белгилүү бир графиктен тыш иштегенимде түшкү 12де ойгонуп калабыз, түштөнүүгө барабыз, бассейнге жөнөйбүз, сүрөт тартып же бир нерсе жасоо үчүн ийримдерге барабыз. Эртеден кечке чейин иште болгонумда алар бала бакчага жана мектепке барышат.

Өкмөттө иштеп турганымда балдарды бакчадан өзүм алып, тамактандырып, уктатып коюп, кайра жумушка жөнөчүмүн, 21.30дарда иште болуп калчумун. Ал кезде биз түнкү бир же үчкө чейин иштечүбүз. Бирок санаам тынч болчу, себеби балдар менен күндүз көрүшүп, сүйлөшүп алчумун. 

© Фото / предоставлено Гульнурой ТоралиевойМедиаэксперт Гульнура Торалиева
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган - Sputnik Кыргызстан
Медиаэксперт Гульнура Торалиева

— Балдарыңыз мамлекеттик бакча, мектепке барабы же менчик мекемелерди тандадыңыз беле?

— Балдарым менчик мектеп жана бакчага барат. Аланды Монтессори методикасы менен тарбиялаган бала бакчага бергенбиз. Ыңгайлуу графиги, тамактануу маалы бар. Ал эми улуу уулубуз бир нече мектеп алмаштырды, анткени өзү бир башкача бала. Артур аябай эпчил, катуу тартипке баш ийе бербейт. Алгач мамлекеттик мектепке барчу, эки ирет аны бурчка тургузушуптур. Өзү дүйнөнү сезимдер аркылуу кабылдайт, кучакташып тургусу келет, башка ата-энелер ал балдарды тажатып жатат деп даттанышыптыр. Андан тышкары, англисче жакшы сүйлөйт. Досторум да ага таңгалышат. Бир жарым жашында Артур курбуларымдан трапеция канча бурчтуу болорун англисче сурап, бардык көп бурчтуктарды англисче атап чыкчу. Ошол себептен, биринчи класста ал алфавиттен баштап окуудан өтө зериккен. Ал эми менчик мектептерде эгер бала курбалдаштарынан алдыда болсо, анүчүн атайын прогрессивдүү программаны тандоого мүмкүндүк бар. Үч мектепти алмаштырдык. Бул биз үчүн тынымсыз процесс, анткени окуунун жүрүшүндө балага жагып жатабы, жылыш барбы деп сереп салып турабыз.

— Үй-бүлөңүздө кандай адаттарды карманасыздар?

— Саякаттоо салтыбыз бар. Кышында бир, жайында бир жолу сапарга чыгарыбызды так билебиз. Жарым жыл мурун кайда барарыбызды аныктап алабыз. Ар кайсы өлкөлөрдү балдар менен изилдеп чыгабыз. Апам айткандай, "глобусту чукулап отурабыз". Глобустан карайбыз. Мурда чет өлкөгө жылына бир ирет гана чыгууга шартым бар эле. Азыр жылына жок дегенде эки ирет саякаттайм деп максат коюп алгам. Жаныма сөзсүз ата-энемди жана балдарымды кошо алам.

— Балдар жолдон кыйналбайбы?

— Негизи ата-энем да, балдарым да абдан жакшы сапарлаштар. Саякат маалында эч качан талашып-тартышпайбыз. Сегиз жыл мурун эле саякат баарыбызга жагымдуу болушу керек, ошондуктан эч бирибиз маанайыбызды бузбайбыз деп макулдашып алганбыз. Андыктан, ата-энем бул жагынан "буддисттердей" болуп калган, балдар аэропортто полдо отуруп, рейсти күтүп жатканда ойноп, учакта үстүбүзгө шире, кола же тамак төгүп алса да унчукпай көтөрүшөт. Чындап эле бала менен саякаттоо сабырдуулук, көтөрүмдүүлүккө үйрөтөт. Уулдарым адамдардын териси ар кыл түстө болорун, дүйнөдө көптөгөн эл жана тилдер бар экенин билип калышты, дүйнө таанымы кеңейүүдө, алар да сабырдуу тартып баратышат.

Качандыр бир кезде ата-энем менен балдарыма дүйнөнү көрсөтөм деп максат койгом, ошону ишке ашыруудамын. Той бербейбиз, машинадан машина алмаштырбайбыз, күнүмдүк керектөөбүздөн ашканын окууга жана саякатка жумшайбыз. 

© Фото / предоставлено Гульнурой ТоралиевойМедиаэксперт Гульнура Торалиева
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган - Sputnik Кыргызстан
Медиаэксперт Гульнура Торалиева

— Эмдөө боюнча пикириңиз кандай?

— Эки баламды тең эмдеткем, ал эми кенжесин дагы да эмдетем. Бул туурасында аябай көп адабият барактап чыктым. Тун балам бардык эмдөөсүн убагында алды, ал эми экинчи уулумду үч жашынан тарта эмдете баштадым. Былтыр баарын топтоп бир алдык. Болгону балам эмдөөсүз үч жашка чейин кандай болорун байкап көрөйүн дегем. Албетте, мен бул жаатта эксперт эмесмин, айтканымды кеңеш катары кабыл албаңыздар, себеби бул балдардын өмүрү үчүн чоң тобокел. Менимче, бала чоңойгон сайын эмдөөнү жеңил көтөрөт. Мисалы, Аланды эмдеткенде кыйналган жок, жеңил өттү.

— Үйдө отурган, иштөөгө чыгына албаган жаш энелерге эмне дээр элеңиз?

Супруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. "Биз — ата-энебиз" долбоору
— Кеңеш берүү кыйын, ар ким ар башка абалда. Төрөттүн эртеси күнү окууга баргам, себеби үй тапшырмаларын тапшырууга тийиш элем. Экинчи уулумду төрөгөндө үч күндөн кийин ишке чыккам. Премьер-министр, дегеле өкмөттүн бүт аппараты таң калган. Жолдошума сейилге баратам деп жалган айтып, өзүм жыйындарга барчумун. Ал бир ай балага каралашууга уруксат алган, ал убакта ишке барып, кызматкерлерге тапшырма берип, жыйын өткөрүп келчүмүн. Кош бойлуулукту жеңил көтөрөм, төрөтүм да жеңил. Мындан тышкары, ар бир нерседен ырахат алуум керек деген эрежем бар. Айымдар балдар бизге сыйлыкка берилерин, алар бизге бакыт жана күч-кубат экенин так аныктап алышса дейм. Башкаларга караганда чындап эле биздин аялдарга кыйын эле. Кандай болгон күндө да өз тилегин жана өзүн-өзү өстүрүүсүн унуткарбоо зарыл. Тек гана жакшы жар, мыкты эне болууну самаган айымдар да арбын, алардын чечимдерин да сыйлайм. Бирок бир ишти аркалагыңыз келсе, артка чегинбеңиз. Эгер кыялыңыз болсо, ага карай умтулуңуз!

Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо боюнча социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлө институтун жана калктын саламаттыгын бекемдөө максатында үй-бүлөнү жаңылбай куруу, аны менен бирге эле кош бойлуулук, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо жаатында маалымдуулукту арттырууну максат кылат. Мындан сырткары, рубрикада таанымал кыргызстандыктардын жана оор кырдаалга кептелгендердин ата-энелик милдеттери тууралуу маектери да орун алат. Программада акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун пайдалуу кеңеш, сунуштары да камтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0