БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектеги тигүү цехтеринин бирине Вьетнамдын төрт жаранын мыйзамсыз жумушка орноштурушкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.
Ведомствого вьетнамдык аял кайрылып, анын мекендештерин жумушка мыйзамсыз киргизген кыргыз жаранына чара көрүүнү суранган.
19-февраль күнү Бишкектеги үйлөрдүн бири тинтүүгө алынды, ал кимге тиешелүү турак жай экени так айтылган жок.
"Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чарада тигүү цехинде Вьетнамдын төрт жараны мыйзамсыз иштегени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.