ИИМ айдоочуларга айып кагаздар качан келе баштай турганын айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровПроект "Безопасный город" в Бишкеке
Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" иштей баштаганына эки жума болду.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) айып кагаздар Эреже бузуулар кодекси жаңылангандан кийин жөнөтүлө баштай турганын кабарлады.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды. Ал президент кол койгондон кийин 10 күн өтүп күчүнө кирет.

"Кодекстин бир нече пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. Алардын бири айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, каражаттын өлчөмү эки эсе арзандатылат. Биз бардык айдоочуларга бирдей шарт түзүп, айып пулду кыскартылган суммада төлөсүн деп жатабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0