Улакка түшө турган депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Республики Алтай по национальной игре "Кок-бору"
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн командасынын курамында Ош, Жалал-Абад облустарынын башчылары, министрлер, ИИМдин орун басарлары жана муфтий бар.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бүгүн Ата Мекенди коргоо күнүнө карата депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча жолдоштук беттеш өткөрөт.

Футбол депутатов Жогорку Кенеша с министрами КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тердегиче топ тепкен депутаттар менен министрлер. Футболдук оюндан сүрөттөр
Депутаттардын командасынын капитаны Канат Исаев болсо, өкмөттүн командасын вице-премьер Замирбек Аскаров жетектейт.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдын ала берген тизмеси боюнча өкмөттүн командасынын курамында Ош, Жалал-Абад облустарынын башчылары, министрлер, ИИМдин орун басарлары жана муфтий бар.

Оюн талаасына чыга турчу аткаминерлердин тизмеси:

Өкмөттөн куралган команда

  1. Кубатбек Боронов — биринчи вице-премьер, команданын капитаны
  2. Замирбек Аскаров — вице-премьер;
  3. Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
  4. Искендер Кадыркулов — "Түндүкэлектр" ААКнын башкы директору;
  5. Улукбек Марипов — Эсеп палатасынын төрагасы;
  6. Курсан Асанов — ички иштер министринин орун басары;
  7. Мырза Жаманбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындыгы борбордук лабораториянын директору;
  8. Максатбек ажы Токтомушев — Кыргызстандын муфтийи
  9. Акылбек Эшимов — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
  10. Улан Насакеев — Кавалерия взводунун командири
  11. Алтынбек Искеналиев — Бишкек шаардык полкунун кайгуул кызматынын командиринин орун басары;
  12. Улукбек Календеров — Юстиция министрлигинин өкүлү.

Жогорку Кеңештен түзүлгөн курама команда

  1. Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты, команданын капитаны;
  2. Төрөбай Зулпукаров — Жогорку Кеңештин депутаты;
  3. Таалайбек Масабиров — Жогорку Кеңештин депутаты;
  4. Урматбек Самаев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  5. Мирлан Бакиров — вице-спикер;
  6. Курманкул Зулушев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  7. Нурбек Тотонов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  8. Бактыбек Райымкулов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  9. Айбек Алтынбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
  10. Талант Мамытов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  11. Тазабек Икрамов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  12. Нурбек Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
  13. Алтынбек Сулайманов — Жогорку Кеңештин депутаты.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мекеменин өзүнөн жана журналисттерден турган дагы эки команда түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0