Экинчи тилкеден да бурулат. Чүй — Курманжан датканын кесилишинде жол эрежеси өзгөрдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДвижение транспорта в Москве
Движение транспорта в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын дооматынан кийин жол чырактын мурунку иштөө тартибин кайтаруу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинен чыгышты көздөй бараткан унааларга экинчи тилкеден сол тарапка ("Аламүдүн" базарын көздөй) бурулууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

12-февралда ишке кирген "Коопсуз шаар" долбоорунун натыйжасында айдоочулар солго бурулуу үчүн кошумча тилкенин алынышынан тыгындардын пайда болуп жатканын айтып нааразы болушкан.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ИИМ айдоочуларга айып кагаздар качан келе баштай турганын айтты
ЖКККББнын маалыматы боюнча Чүй проспектисинде чыгышка бараткан жол беш тилкелүү болду. Кошумча жол чырактын жашыл белгисинен кийин солго эки тилкеден бурулууга жол берилет.

Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи тилкеден түз жана жол чырактын кошумча белгисинен кийин оңго бурулууга болот.

Ал эми жол чырак төрт фазалык режимде иштейт:

Биринчиси — негизги белги Чүй проспектиси менен бардык багытта (батыш-чыгыш жана чыгыш-батыш) жүрүүгө жол берилет. Мында солго кете турган унаалар кесилишке чыгып каршысында келе жаткан машиналар өткөндөн кийин бурула алат;

Экинчиси — Чүй проспектиси менен баратканда солго бурула турган кошумча белги бар;

Үчүнчүсү — Курманжан датка көчөсү менен баратканда (түндүк менен түштүккө) негизги белги бардык багыт менен кетүүгө жол берет. Мында солго кетчү унаалар каршысындагы агымга жол берет;

Төртүнчүсү — Курманжан датка көчөсү менен түштүк-түндүк жана түндүк-түштүк багыты боюнча бараткандар үчүн солго бурулууга уруксат берген кошумча белги иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0