Депрессиядан арылуунун оңой жолу айтылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКөл жээгинде басып бараткан кыз. Архив
Көл жээгинде басып бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык дарыгерлер 611 миң адамдын саламаттыгына анализ жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Депрессияга кабылуунун алдын алуу же аны дарылоо үчүн трусцой ыкмасы менен 15 мүнөт чуркоо жетиштүү экенин "Известия" басылмасы жазды.

Ежегодное плавание берлинских тюленей в Германии - Sputnik Кыргызстан
Спорттун кайсы түрү жаштыкты узарта алат? Окумуштуулардын жообу
АКШдагы Массачусетс ооруканасынын дарыгерлери 611 миң адамдын ден соолугуна көз салышкан. Анда спорт менен машыккан кишилер түрдүү психикалык оорулар менен сейрек ооруй турганы аныкталган.

Дарыгер Дэвид Агустун айтымында, бейтапка дары жазып берердин алдында аларга сыртка чыгып оюна келген көнүгүүлөрдү жасап келүү сунушталат.

Трусцой ыкмасы (англис тилиндеги jogging) — бул саатына 7-9 чакырым ылдамдык менен чуркоо. Аталган ыкманын өзгөчөлүгү бутту жерге эркин таштоо, башкача айтканда, өзүңүздү жеңил сезип, бутту жерге чымырканбай эркин таштайсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0