Кадимки кара моюлдун ден соолукка пайдалуу экени аныкталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСбор черники в лесу в Новгородской области
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жемиште антоцианин, клетчатка, минералдар сыяктуу организмге пайдалуу заттар бар.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Маал-маалы менен кара моюл (черника — ред.) жеп туруу жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркоо мүмкүнчүлүгүн 20 пайызга азайтат. Бул тууралуу Лондондогу Падышалык окуу жайдын окумуштууларына шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды. 

Дарыгерлер жүргүзгөн экспериментке 40 каалоочу катышкан. Алар бир ай бою күн сайын 200 граммдан кара моюл жеп турушкан. Жыйынтыгында адистер катышуучулардын кан басымы түшүп, кан тамырлардын иши жакшырып калганын байкашкан.

"Жемиште антоцианин, клетчатка, минералдар сыяктуу организмге пайдалуу зарттар бар. Алар кан тамырларды тазалап, кандын жакшы жүгүрүшүнө шарт түзөт", — деп жазылат макалада.

Адистер кара моюлдун пайдасын көрүү үчүн бир нече жума бою күн сайын жеш керектигин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0