Эркиндик бульварында бараткан бала. Архив

Түкүргөн кишини айыпка кантип жыгыш керек. Далилдөө жолдору

368
(жаңыланган 18:48 25.02.2019)
Ар бир эреже бузуу 10 күн каралат, чыккан чечимге да ушунча күндүк мөөнөттө арызданууга болот.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Эреже бузууларды караган комиссиянын жобосун бекитүү" боюнча документти кабыл алышты.

Эми документти ченемдик-укуктук актылардын реестрине киргизүү керек болот. Андан соң мыйзам бузууларды карай турган комиссияны түптөшөт. Алар келип түшкөн арыздарга карата жыйынга чогулуп турушат. Ар бир эреже бузуу 10 күн каралат, чыккан чечимге да ушунча күндүк мөөнөттө арызданууга болот.

"Эреже бузган деген арызды кароо үчүн техникалык каражаттарга: телефонго, видеорегистратордун камерасына тартылган видео же сүрөттү пайдаланса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Арызданган кишинин колунда жаран эреже бузуп жатканын далилдеген сүрөт, видео жок болсо деле комиссия кайрылууну карай берет. Бирок так далил катары медиафайлдар эсептелери белгиленет.

Комиссия арызды КРдин эреже бузуулар боюнча кодексинин 29-беренесинин негизинде карайт. Алар таштандыларды ыргытуу, тазалыкты сактоо жана башка учурлар. Анын ичине түкүрүк үчүн да жазалоо кирет.

368
Белгилер:
түкүрүк, айып пул, тартип, кодекс
Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
Тема боюнча
Коомчулуктун пикиринен кийин түкүрүк боюнча айып пул азаймай болду
Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон