Өзгөндүктөрдү таза суусуз калтырган кытай компаниясы суу чыгарып берди

Жазылуу
Буга чейин маалымдалгандай, аталган компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кытайдын "Цзинь Лун" компаниясы Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарына суу түтүктөрүн тартып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кум-Бел көмүр кениндеги "Цзинь Лун" тоо-кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин таза суу менен камсыздоо максатында өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, бул компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.

"Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктап жатат, анын натыйжасы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Заместитель начальника ПЭУ Бишкекводоканал Мурадин Сейдалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сейдалиев: ичүүчү сууга уулуу заттарды аралаштыруу мүмкүн эмес
Мындан тышкары, өкмөттүн буйругу менен Техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен "Цзинь Лун" ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо тапшырылган.

Натыйжада бүгүнкү күнү "Цзинь Лун" ЖЧКсы Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарына ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, узундугу 8 миң метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0