Режеп Тайип Эрдоган 65 жашка чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан
Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы кесиптешине чың ден соолук, узак өмүр, мамлекеттик ишине ийгилик, түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял посла РФ Андрея Крутько - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Россия элчиси менен коштошуп "Даңк" медалын ыйгарды
Бүгүн Эрдоган 65 жашка чыкты.

Жээнбеков бүгүнкү күндө Түркия өзүнүн өнүгүү жолун таап, түрк элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатканын белгилеп, Эрдоган жүргүзүп жаткан реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин бакубаттыгын жогорулатууга жана эл аралык аренада Түркиянын аброюнун бекемделишине өбөлгө болуп жатканын айтты.

"Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жылуу каалоолорумду кабыл алыңыз. Достук, өз ара жардам жана түшүнүшүү салттарына негизделген кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгы сиздин колдооңуз менен күн санап бекемделүүдө. Чың ден соолук, узак өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгилик, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Эрдоган президент болуп 2014-жылы 12-августта өткөн түз шайлоонун жыйынтыгында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0