ТЭЦ боюнча айыпталгандардын соту өтүүдө. Имарат алдына эл чогулду

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд по делу о коррупции при модернизации ТЭЦ Бишкека в Свердловском райсуде Бишкека
Суд по делу о коррупции при модернизации ТЭЦ Бишкека в Свердловском райсуде Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун алдына келгендер күнөөлөнүп жаткандар саясий негиз менен гана кармалып, ак жеринен айыпталып жатканын айтышууда.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи боюнча айыпталган сегиз кишинин Свердлов райондук сотундагы алгачкы сот жыйыны жабык эшик артында каралууда.

Эшикти тосуп турган милиция кызматкерлери буга отурум алгачкы ирет өтүп, анда алдын ала гана маалымат угула тургандыгы себеп экенин айтышты. 

© Sputnik / Расул УсеналиевСвердлов райондук сотунун имаратынын алдына 50дөй киши чогулду. Ушу тапта ТЭЦти модернизациялоо боюнча айыпталып жаткандардын алгачкы сот отуруму өтүп жатат.
ТЭЦ боюнча айыпталгандардын соту өтүүдө. Имарат алдына эл чогулду - Sputnik Кыргызстан
Свердлов райондук сотунун имаратынын алдына 50дөй киши чогулду. Ушу тапта ТЭЦти модернизациялоо боюнча айыпталып жаткандардын алгачкы сот отуруму өтүп жатат.

Учурда райондук соттун имаратынын сыртында 40-50дөй киши турат. Алар соттолуп жаткандар саясий негиз менен гана кармалып, ак жеринен караланып жатканын айтышууда.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева башкы прокурор Жогорку Кеңеште ТЭЦин айланасында маалымат бергенде атайын шоу кылганын белгиледи. Ал ошондой эле ТЭЦке келтирилди делген чыгымдар туура эмес эсептелгенине токтолду.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана Ольга Лаврованын ишин Свердлов райондук сотуна жиберген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0